Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:31

КЫРГЫЗ ТОКОЮНУН АБАЛЫ


Бишкекте өткөн кыргыз токоюнун учурдагы абалы, аны жакшыртуунун жолдоруна арналган эларалык конгресске биртоп чет өлкөлүк адистер да катышты. Жыйындан соң алар кыргыз токоюнун проблемалары тууралуу маалымат жыйынын өткөрүштү. Адистердин айтымында, экономикалык оорчулукка шылтап токойду кыюу, аны чарбалык максатта пайдалануунун салакасынан кайталангыс биоартүрдүүлүктү жоготуп коюу коркунуч бар.

Улуттар Уюмунун глобалдык токой ресурстарына байкоо салуу борборунун жетекчиси Голдаммер мырзанын айтымында, жаратылыштын кайталангыс байлыгын ысырап кылуу ушу тапта да токтоло элек. Адам баласынын ыксыз кийлигишүүсүнөн, чарбалык максатта пайдалануунун натыйжасында токойлордун саны кескин кыскарып, жер такырга айланып баратат. Буга кошумча токойлордун өрттөлүшү табиятка опсуз чоң зыяндарды алып келүүдө.

- Борбор Азия чөлкөмүндө жашаган элдер токойду өрттөн сактоо үчүн өз ара биргелешип кызматташуусу керек. Токойду өрттөн сактоонун чаралары дүйнөлүк масштабда каралчу маселе. Ошондон токойду сактоого кызыкдар өлкөлөр аны коргоо боюнча өзүндө топтогон тажрыйбаларды өзара бөлүштүрүшкөнү ийги.

Голдаммер мырза Кыргызстанда токой өртү кийинки кездери тез-тез кайталана баштаганын айтты:

- Сиздердин чөлкөмдө, айрыкча тоо боорундагы токойлордо өрт тез-тез чыгып атканын байкап атабыз. Саяий-социалдык процесстерден улам буга анча маани берилбей келатат. Кыргызстандын бийик тоолорундагы токой ичинен чыккан кичинекей өрттүн зыяны өтөле чоң болууда.

Улуттар Уюмунун эксперт адисинин ырасташынча, Кыргызстандагы токойлорду сактап калуунун азырынча ыңтайлуу жолу - кошуна өлкөлөр менен биргелешип аракеттенүү, токой жоопкерчилигин жергиликтүү калктын өзүнө берүү.

Швейцариялык токой ресурстарын изилдөө борборунун жетекчиси професор Жеррар Бютту Кыргызстандын кайталангыс улуттук байлыгын сактоо үчүн жалгыз жергиликтүү калкты жооптуу ишке тартуудан башка да биртоп олуттуу иштерди жүзөгө ашыруу зарыл. Кыргыз токою глобалдык дүйнөнүн кайталангыс бир бөлүгү, андыктан ал жалпы элдик, мамлекеттик камкордукка алынышы керек. Өкмөт тарабынан кабыл алынган токой саясаты концепциясы, программа узак жылдарды камтый турган иштин башталышы гана, деп айтты Ж.Бютту мырза:

- Процесс аягына чыга элек. Белгиленген иштерди турмушка ашыруу эң татаал жумуш. Ал үчүн жер-жерлерде тийиштүү шарттар түзүлүп, реформа жүргүзүлүшү керек. Бул милдет азырынча аткарыла элек.

Анын ырасташынча, ушу таптагы токой чарбасын башкаруу структурасы жаңыланууга муктаж. Себеп дегенде, ал ыкчам өзгөрүүгө даяр эмес болуп чыкты. Окумуштуунун айтымында, токой өнүктүрүүнүн жаңыча жолдорун жергиликтүү калк түшүнүү менен кабылдап, жаңыланууга даяр экенин айгинеледи.

Кыргызстандын токой чарбасын өнүктүрүү, ага жергиликтүү калкты тартуу кыргыз-швейцариялык долбоордун негизин түзөрүн Швейцария өкмөтүнүн өнүгүү жана кызматташуу агенттигинин долбоор жетекчиси Жан Мари Самен мырза да белгиледи.

- Турмуштан кыйналган калк үйүн жылытыш, тамак-аш даярдаш үчүн токойду кыюуга аргасыз болгонун мен жакшы билем. Мунун натыйжасында токой суюлуп, жок боло баштаган. Бул жагдайдан экономиканын өсүшү, өнөр жайдын өнүгүшү, токойдо жашаган жергиликтүү элдин шаарга келип жумуш менен камсыз болушу, турмуш-тиричилик өткөрүүнүн башка жолуна өтүшү гана сактай алат,-дейт Самен мырза.

Чет элдик адистердин айтымында, кыргыз токоюн сакташ үчүн ириде өлкөнүн экономикасын көтөрүү керек. Ансыз турмуш-тиричилик зарылдыктан улам жергиликтүү калк токой кыюуну, жаратылышты бүлүнтүүнү токтотпойт. Кыргызстан токоюн сактоонун алдагыдай жолун ишке ашыруу азырынча талаштуу.

XS
SM
MD
LG