Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Мыйзам чыгаруу жыйыны танапис жарыялады


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны округдарда иштөө максатында 6-декабрга чейин танапис жарыялады. Бул маалымат палатанын жума күнкү акыркы отурумунда жарыяланды. Бул күнү кворум жоктугуна байланыштуу күн тартибиндеги эларалык келишимдерди ратификациялоо маселеси каралбай калды.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин бир күн мурда берген маалыматына караганда палата жаңы жылга чейин иштейт жана декабрь айы ичи күн тартибиндеги орчундуу маселелерди толук карап бүтүүгө аракет кылат.

Ал эми Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин билдиргенине караганда, келерки парламенттик шайлоого даярдык көрүүнү кепилдеген жардыкты президент Аскар Акаев 10-декабрга чейин чыгарары болжолдонуп жатат.

XS
SM
MD
LG