Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

ЕККУнун өкүлү Кыргызстанга келет


БИШКЕК. Дүйшөмбүдө Кыргызстанга эки күндүк сапар менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасынын жеке өкүлү Мартин Ахтисаари жетектеген делегация келет. Иш сапардын учурунда Мартин Ахтисаари президент Аскар Акаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушуп, кызматташтыктын ар кыл өңүттөрүн талкуулашат. ЕККУ өкүлү мындан тышкары бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, Бишкектеги ЕККУ академиясынын угуучулары менен жолугушат. Иш сапардын акырында Ахтисаари журналисттер үчүн маалымат жыйынын берери күтүлүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

XS
SM
MD
LG