Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:06

Элчилер Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды


БИШКЕК. Кыргызстандын мурдагы элчилери Медеткан Шеримкулов, Үсөн Сыдыков жана Мамбетжунус Абылов Борбордук шайлоо комиссиясына кат жолдоду. Анда элчилердин шайлоого катышуу укугуна байланыштуу төраганын түшүндүрмөсүнө БШК мүчөлөрүнүн пикири суралган. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов билдирди.

Буга чейин бул маселе экс-элчилердин сунушуна ылайык Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында каралып, бирок колдоо таппай калган. Элчилердин мыйзам териштирүүгө киришүүсүнө БШК төрагасы Сулайман Иманбаевдин «Слово Кыргызстана» гезитине берген түшүндүрмөсү негиз берген. Анда төрага акыркы беш жылда Кыргызстанда жашабаган атуулдардын, алардын ичинде элчилердин парламенттик шайлоого талапкер катары катышуусуна «Шайлоо кодекси» жол бербей турганын белгилеген. Муну атуулдук укукка шек келтирет деп санаган элчилер БШК мүчөлөрү мыйзамды туура чечмелеп беришпесе, Конституциялык сотко, андан мыйнап чыкпаса эларалык сотко кайрылууну көздөп жатышат.

XS
SM
MD
LG