Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:38

Саясий партиялар “тегерек үстөлдө” талкуу өткөрдү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте саясий партиялардын катышуусунда “тегерек үстөл” талкуусу өтүп, анда «Шайлоону таза өткөрүү үчүн эмне кылуу керек?» деген маселе талкууланды. Талкууга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев, «Алга, Кыргызстан», «Менин өлкөм», «Ар намыс» өңдүү партиялардын, Кыргызстан элдик кыймылынын жетекчилери, бейөкмөт уюмдардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Талкуу учурунда партиялык лидерлер демократиялык шайлоону камсыздоо үчүн мажоритардык-пропорционалдык шайлоо системасын калыбына келтирүү зарылдыгын белгилешти. «Алга, Кыргызстан» партиясынын лидери Болот Бегалиев бул система парламентке адамдардын кокустан келишин шарттайт деп, өзүнүн каршылыгын билдирди. БШК төрагасы Сулайман Иманбаев парламенттик шайлоодо участоктор тунук үкөктөр менен толук жабдыларын жана бул айкындыкты камсыздарын белгиледи. “Тегерек үстөл” АКШ элчилигинин жана аймактык иликтөө институтунун колдоосу астында өттү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG