Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

УКУК КОРГООЧУ ТУРСУНБЕК АКУН 11 КҮНДӨН БЕРИ ДАЙЫНСЫЗ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандагы белгилүү укук коргоочулардын бири Турсунбек Акунду издөө жана коргоо комитети, анын үй-бүлөсү жана туугандары 27-ноябрда да Бишкекте нааразылык акциясын өткөрүштү. Укук коргоочунун жоголушу боюнча “Фридом Хауз” эларалык уюму өз алдынча иликтөө иштерин жүргүзө тургандыгын жарыялады. Өлкөнүн тартип коргоо органдары Турсунбек Акунду издөө иштери уланып жатканын айтышууда.

Өкмөт үйүнүн алдында Кыргызстан патриоттук кыймылынын төрагасы, укук коргоочу Турсунбек Акундун дайынсыз жоголушуна байланыштуу улантылып жаткан нааразылык акцияга анын туугандары, жердештери, патриоттук кыймылдын мүчөлөрү жана Бишкектин тургундары катышты.

Пикетке катышкандар Турсунбек Акундун жоголушунун себептери боюнча өз пикирлерин айтып турушту. Кыргызстан коммунисттик партиясынын төрайымы Клара Ажыбекова мындай оюн билдирди:

-Менин пикиримде Турсунбектин жоголушу бийлик органдарына байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок конституциялык жол менен бийликти ала албастыгын билген оппозициялык күчтөр да ушундай кадамга барышы мүмкүн.

Ал эми Турсунбек Акундун Нарындан келген тууганы мындай деди:

-Биз Нарында баарыбыз ыйлап-сыктап отурабыз. Биз мунун баары бийликтин иши деп эсептейбиз. Турсунбекти аман-эсен кайтарып беришсин.

«Фридом Хауз» эларалык уюмунун Кыргызстандагы адам укуктары тармагындагы активисттерди колдоо боюнча долбоорунун жетекчиси Стюарт Канн Турсунбек Акундун жоголушуна байланыштуу төмөнкүдөй пикирин билдирди:

-Биринчиден, Турсунбек Акундун дайынсыз жоголушу бизди аябай тынчсыздандырып жатат. Анын 11 күндөн бери дайынсыз жоголушу өтө таң калыштуу. Турсунбек Акундун жоголушу анын Акаевге каршы иш-чараларды жургузүү аракеттери менен байланыштуу. Ошондуктан бул - өтө кооптуу. Бизде азыр журналисттик ииликтөө программабыз бар. Биз укук коргоочунун жоголушун өзүбүздүн ресурстарды колдонуу менен жүргүзөбүз.

Укук коргоочунун атасы Кыйтыке Мусабеков президент Аскар Акаевден келини экөөнү кабыл алынышын суранаарын билдирди:

- Мен Акаевден келиним экөөбүздү кабыл алсын деп суранам. Биздин ага айта турган сөзүбүз бар, арманыбыз бар. Бул маселени Танаев чечпейт.

«Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова болсо, аны да 26-ноябрда ички иштер органдарынын кызматкерлери Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун жанына жолугушууга чакырып, алып кетүүгө аракет кылышкандыгын билдирди:

-Мени 26-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери деп өздөрүн таанышырып, күбөлүктөрүн көрсөткөн адамдар ЦУМдун алдына жолугушууга чакырышты. Бирок алар менин мобилдүү телефонума чалышканда, сиз «Мобикарттан» белек утуп алдыңыз, ошону ЦУМга келип алып кетиңиз деп чакырышкан. Мен барып ЦУМдун администрациясына кирсем, эч кандай утуш жок дешти. Бир маалда телефонум шыңгырады, алсам, алар "келдиңизби" деп сурашты. "Келдим" дедим. Жолуктук. Алар мага айтышты "азыр биз менен барасыз" деп. "Кайсы жакка?" десем, "барганда көрөсүз" дешти. Жакшы - жаныма эки кишини алып алган экенмин. Алар жаныма келип, мени тосуп калышты "Эч жакка барбайт" деп. Алар менин мобилдүү телефонум уурдалган дешти. Мен бул телефонду мага «Фридом Хауз» уюму сатып бергендигин айттым,-деди Азиза Абдрасулова.

27-ноябрда «Турсунбек Акунду издөө жана коргоо комитети» тарабынан Бишкектин Совет көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги аялдаманын жанында нааразылык акция уюштурулду. Анын катышуучуларынын арасынан ырчы Сагынбек Момбеков шаардын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалып кетти. Бул жөнүндө Сагынбек Момбеков кийин «Азаттыкка» буларды айтты:

-Мени ички иштер бөлүмүндө үч саатка жакын кармашты. Түшүнүк кат жаздырып, кайра коёберишти. Дүйшөмбүдө административдик түрдө сотто менин ишим каралат эми. Мен пикетте Турсунбек Акундун жоголушуна байланыштуу ырдап жатканым чын.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан «Азаттыкка» укук коргоочу Турсунбек Акунду издөө боюнча оперативдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө деп маалымдашты.

XS
SM
MD
LG