Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

МАГАТЭ дүйшөмбү күнү Ирандын маселесин талкуулоону улантат


Жыйын жума күнү соңуна чыкпай калган эле. Иран уран байытууну токтотуп, бирок Евросоюз менен түзүлө турган келишимде бул ишти илимий максаттарда улантуу жөнүндө пункт калтырылышын талап кылууда. МАГАТЭнин өкүлү Марк Гвоздецкий бу маселени уюмдун директору Мохаммад ал-Барадей келечекте чечилет деп ишене турганын, тараптар туура жол табарына мүмкүнчүлүк бар экенин ырастады. Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Хусейн Мусавиан уран байытууну токтотуу тууралуу сунуш милдеттүү тартипте эмес, өз ара ишенимдин негизинде жүзөгө ашырылышы зарыл деп эсептейт. Бул ойду бүгүн Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази кайрадан бышыктады.

XS
SM
MD
LG