Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Казакстандын Акыйкатчысы кыргыздардын укугун коргойт


БИШКЕК. Казакстандын Омбудсмени Кыргызстандын Орусия менен Казакстанда иштеп жаткан жарандарынын укугун басмырлаган көрүнүштөрдү тескөөгө алат. Мындай маалыматты Кыргызстандын Акыйкатчысынын басма сөз кызматы таратты. Маалыматка караганда Орусия менен Казакстанда жүргөн кыргыз жарандарынын ассоциациясы Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулуна кайрылуу жолдоп, анда Казакстандын чегара жана бажыкана кызматкерлери кыргыз атуулдарынын укугун басмырлап, темир жол станцияларында 200дөн 500 теңгеге чейинки акчаларын көз көрүнөө тартып аларын кабарлаган. Акчаны бергиси келбеген жүргүнчүлөрдү бажыканачылар маңзат алып баратат деп кармайбыз деп коркутушаарын да кабарлаган.

Казакстандын Акыйкатчысы бул маселени иликтеп көрөрүн билдирген менен андай фактыларды так далилдеп, укук бузгандарды жоопко тартуу кыйынга турарын кыйыткан.

XS
SM
MD
LG