Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:51

Дүйнөлүк банк жаңы долбоорлорун ишке киргизет


БИШКЕК. Эмдиги жылдан тарта Дүйнөлүк банк Кыргызстандын социалдык тармагын жакшыртууга багытталган үч долбоорду ишке ашыра баштайт. Банктын кредиттик программасынын жетекчиси Динара Жолдошеванын айтымында, 15 миллион долларлык грант бериле турган долбоор айыл жеринде билим берүүнү жакшыртууга багытталат. 15 миллион долларлык экинчи долбоор чакан шаарлардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталып, анын 12 миллиону кредит түрүндө, 3 миллиону грант түрүндө берилет. Үчүнчү долбоор агробизнести өнүктүрүү жана айыл чарбасында маркетингди калыптандыруу максатын көздөйт. Дүйнөлүк банк бул долбоорго да 15 миллион доллар бөлүүгө ниеттенүүдө.

Аталган долбоорлор Дүйнөлүк банктын директорлор кеңешинин 14-декабрда өтө турган жыйынында каралат. Эгер алар жактырылса акча эмдиги жылдын март-апрель айларынан баштап бөлүнүп ишке киргизилет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG