Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Т.Акундун дайыны 12 күндөн бери белгисиз


БИШКЕК. Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундун дайынсыз жоголгонуна 12 күн болду. Бүгүн анын үй-бүлөсү, туугандары жана жактоочулары пикетке чыгышкан жок. Укук коргоочунун уулунун айтымында, алар пикетке чыгууну дүйшөмбү күнү улантышат. Турсунбек Акундун үй-бүлөсү, атасы жана жактоочулар ал жоголгондон бери өкмөт үйүнүн алдына пикетке күн сайын чыгып, Турсунбек Акунду таап берүүнү бийликтен талап кылып жатышат.

Кыргызстандын тартип коргоо органдары болсо анын жоголушуна мамлекеттик органдардын тиешеси жоктугун билдиришкен.

Ал эми "Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа" кыймылы 25-ноябрда президентке кайрылуу жолдоп, эгер Турсунбек Акун 29-ноябрга чейин табылбаса анын мамлекет башчысын кызматтан кетирүү үчүн элдин колун топтоо демилгесин улантаарын жарыя кылышкан.

XS
SM
MD
LG