Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:32

Украинада нараaзылык акциялары уланууда


Киевдин чок ортосунда нараазылык акциялары 28-ноябрда да улантылды. Ага президенттикке оппозиция тараптан талапкер Виктор Ющенко катышып, автономия түзүү демилгесин көтөрүп чыгышкан губернаторлорду мамлекеттик түзүлүшкө каршы кылмыш жасап жатат деп айыптады.
Мындай демилгени аз күн мурда Харьков, Донецк жана Луганск облустарынын жетекчилери көтөрүп чыгышкан.

Ушул эле күнү Украинанын Түндүк Донецк шаарында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын депутаттарынын курултайы өттү. Ага өлкөнүн чыгыш, түштүк жана борбордук аймактарындагы облустардан үч жарым миңдей делегат келген. Өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулаган бул курултайга өлкө президенти деп ырасмий түрдө жарыяланган Виктор Янукович, Маскөө шаарынын башчысы Юрий Лужков жана Орусиянын Украинадагы элчиси Виктор Черномырдин да катышты. Курултайдын катышуучулары Борбордук шайлоо комиссиясынын Виктор Януковичти өлкө президенттигине шайлангандыгы тууралуу токтомун мыйзамдуу деп табышты.

Ал эми кечээ өлкөнүн Жогорку радасы 21-ноябрда өткөн шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан чечим кабыл алган. Виктор Ющенконун арызын Жогорку сот 29-ноябрда карайт.

XS
SM
MD
LG