Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

РУМЫНИЯНЫН БИЙЛИКТЕГИ ПАРТИЯСЫ ЖАЛПЫ ШАЙЛООДО НЕГИЗГИ АТААНДАШЫНАН СААЛ ОЗУП КЕЛДИ


Жекшембиде Румынияда өткөрүлгөн парламенттик жана президенттик шайлоолордун алдын-ала жыйынтыктары учурда бийликте турган социал-демократтар өз атаандаштарынан саал озуп келгенин көрсөтүүдө. Оппозиция мындай тыянак менен макул эместигин айтууда. Байкоочулардын айтымында, 2007-жылы Европа Биримдигине кирүү үчүн бар аркетин жумшап жаткан бул өлкөдө бийликтеги экс-коммунисттер да, чордончул оппозиция да тышкы саясатта бирдей эле нукту тутат.

Румыниянын Борбордук шайлоо бюросу бүгүн (дүйшөмбүдө) добуштардын 50 пайыздайы саналып бүткөн соң жарыялаган алдын-ала маалыматка караганда, бийликтеги социал-демократиялык партия добуштардын дээрлик 35 пайызын алган. Бийликтеги партиянын негизги атаандашы – Адилеттик жана Чындык Биримдиги ага куйрук улаш келип, кеминде 32 пайыздай добушка жетишкен.

Шайлоочулардын дээрлик 57 пайызы шайлоого катышканы маалымдалды. 18 миллиондуу румын шайлоочулары кош палаталуу парламентке 314 депутатты жана 137 сенаторду шайлоого тийиш.

Өлкөнүн учурдагы премьер-министри Адриан Настасэ кечээ (жекшембиде) президенттикке талапкер катары башка он бир талапкер менен бирге ат салышты. Президенттик шайлоонун биринчи айлампасында Настасэ дээрлик 39 пайыз добуш алууга жетишкен. Анын негизги атаандашы – Бухарест шаарынын акими Трайан Башэску добуштардын 35 пайызын алууга жетишкен.

Эми Настасэ менен Башэскунун кимиси келээрки мөөнөткө азыркы президент Ион Илиескунун ордуна мамлекет башчы болоору 12-декабрда шайлоонун экинчи айлампасында аныкталмакчы.

Лондондогу «Экономист интеллиженс юнит» аналитикалык борборунун өкүлү Жоан Хоий (Joan Hoey) дүйшөмбүдө «Азаттыктын» кабарчысы Антуан Блуа менен маектешип, идеологиялык жактан алганда Румыниядагы негизги партиялардын өз ара айырмачылыгы жок деген пикирин айтты:

- Румыния Европа Биримдигине 2007-жылы кирүүнү максат кылат. Бул жагынан алганда, башкы саясий атаандаштардан болгон бул эки партиянын бири-биринен айырмасы деле жок. Учурда бийликте турган партия да, анын оппозициясы да дал ушул мүдөөнү жүзөгө ашырууну көксөйт.

Бир чети, оппозиция бийликтеги партияны коррупцияга малынды жана калктын турмуш абалын жакшыртуу үчүн жетишээрлик кадам жасаган жок деп сындап келет.

Ошого карабастан, өлкөдө экономикалык жактан өсүш да байкалганын танууга болбойт, дейт Хоий:

- Румыния соңку төрт жылдын ичинде кыйла туруктуу өнүгүп жатат деген түшүнүк бар болууга тийиш. Социал-демократиялык партия Европа Биримдиги менен абдан иштиктүү сүйлөшүү жүргүзүп келди.

Хоий айымдын оюнча, 2000-жылга салыштырмалуу, Румыниянын азыркы өкмөтү олуттуу илгерилөөнү камсыз кыла алды.

Ал эми румын оппозициясына келсек, алар шайлоо маалында добуш бурмалоолор орун алгандыгы тууралуу маалыматтарды кылдат тергөө керек деп талап кылышууда.

«Про Демократия» аттуу румындык укук коргоо уюму 3300дөй байкоочусун жер-жерлерге аттандырган. Уюмдун маалымдашынча, өлкө боюнча добуш бурмалоо жаатында 38дей учур катталган. Кээ бир жерлерде добуш сатып алуу аракеттери да байкалды, - дешет румын укук коргоочулары.

XS
SM
MD
LG