Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:44

Украинанын Жогорку соту президенттикке талапкер Виктор Ющенконун арызын карай баштады. Оппозиция лидери шайлоонун 21-ноябрда өткөн экинчи айлампасы мыйзам бузуулар менен коштолгонун белгилеп, анын жыйынтыктары жараксыз деп табылсын деген арызын сотко жолдогон эле. Киевдин көчөлөрүндө болсо оппозициянын демонстрациясы уланууда. Дүйшөмбүдө Леонид Кучма кырдаалды жумшартуу үчүн президенттик кайра шайлоо өткөрүлсө жакшы болот эле деген жеке оюн билдирди.

Сот Ющенконун талабын канааттандырса өлкөдө кайра шайлоо өткөрүлүшү ыктымал. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынтыктары өзгөртүүсүз калса өкмөт башчы Виктор Януковичтин Украинанын жаңы президенти катары ант берүүсүнө жол ачылмакчы.

Байкоочулардын баамында сот өтө кыйын абалга кептелди. Анын бүтүмү сөзсүз түрдө тараптардын бирининин нааразылыгын пайда кылат. Ансыз да өлкөнүн чыгышында сепаратисттик тенденциялар курчуп турган учур.

29-ноябрда эртең менен Ющенконун тарапкерлери Жогорку сот жайгашкан имараттын алдына чогулушту.

- Милиция эл менен!, - деп кыйкырып турушту демонстранттар.

Саясий аналитик Дик Лердиктин пикиринде дем алыш күндөрү кризис андан ары тереңдеп кетти:

- Эл арасында ич ара согуш жөнүндө гана эмес, кээ бир аймактардын Украинадан бөлүнүүсү тууралуу сөздөр айтыла баштады. Соңку 48 сааттын ичинде жагдай кескин курчуп кетти.

Кечээ Янукович аны жактап жаткан Чыгыш Украинага барып, массалык жыйынга катышты. Он жетидей облустардын губернаторлору жана жетекчилери оппозицияны өлкөнүн бөлүнүп-жарылышына алып бараткан иш-аракеттери үчүн айыпташты.

Жыйында сүйлөгөндөрдүн бири - Луганск облусунун депутаты Виктор Тихонов мындай деди:

- Облус депутаттары оппозициянын мамлекетке, улутка каршы акцияларын айыптайт. Мындай иш-чаралар Украинаны жарга түртүүдө. Мамлекеттик төңкөрүштү, легитимдүү эмес президенттин бийликке келишин алдын алуу үчүн биз облустун калкын, бүтүндөй Украинаны коргоого чара көрүүгө укуктуубуз деп эсептейбиз.

28-ноябрдын кечинде оппозициялык депутат Юлия Тимошенко президент Леонид Кучманы 29-ноябрдан калбай өкмөт башчы Януковичти жана сепаратисттик маанайдагы облустардын губернаторлорун кызматтарынан кетирүүгө үндөдү.

Ющенко болсо Украинанын курамынан чыгып, түштүк-чыгыш автономиясын куруу демилгесин баштагандарды катуу сынга алды:

- Шайлоодо утулуп калган бийлик саясий жактан өтө опурталдуу - сепаратизм деген оюнду баштады.

Саясий изилдөөчү Ледрук окуялардын мындан аркы өнүгүшү Жогорку соттун бүтүмүнө ылайык болот деп эсептейт:

- Менимче, мындай кырдаалда сот кайра шайлоо өткөрүү чечимин кабыл алса дурус болоор эле.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG