Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:58

30-ноябрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Гидрометеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 30-ноябрда күндүз республиканын кээ бир аймактарында жамгыр жаайт.

ЧҮЙ облусунда абанын температурасы түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу, күндүз +3…+8 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн 0…-4 градус суук, күндүз +2…+7.
Ал эми БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн +1…+6 градус, күндүз +4…+9 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн –3 градус сууктан +2 градуска жылуу, чыгыш тарабында 0…-5 градус суук болот. Күндүз +2…+7 градус жылуу.
НАРЫНДА түнкүсүн –2 ден –7 градуска чейин суук болуп, күндүз +2…+7 градус жылуу болушу күтүлөт.
Борборубуз БИШКЕКТЕ түнкүсүн жамгыр жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-1 градус суук, күндүз +5…+7 градустун айланасында жылуу болот.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG