Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

«Жаңы Кыргызстандын» Ош облустук бөлүмү кайрылуу жолдоду


ОШ. Кыргыз элине кайрылуунун негизги мазмуну 13 күндөн бери дайын-дарексиз жок болуп жаткан белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акунду издеп табууну бийликтен талап кылуу үчүн Кыргызстандагы бардык прогрессивдүү саясий күчтөрдү баш кошууга чакырууда турат.

"Учурдагы бийликке өзүнүн саясий активдүүлүгү менен каш кайтарган укук коргоочунун жоголуп кетиши саясий мүнөздө болушу мүмкүн деген божомолдорду жокко чыгарууга болбойт. Анткени мындай ойго Турсунбек Акундун президент Аскар Акаевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү боюнча кол топтоп жаткан учурунда дайынсыз жок болуп кетиши негиз берет. Муну менен бийлик алдыдагы саясий өнөктүктөр маалында эркин ой жүгүрткөн атуулдарга эскертүү берип жатышы мүмкүн деген ойдобуз", деп айтылат кайрылууда.

Авторлор эгерде укук коргоочу 1-декабрга чейин табылбай турган болсо Ош шаарында жана Ош облусунун бир катар район, шаарларында Турсунбек Акунду издеп табууну бийликтен талап кылган акцияларды уюштуруп, президент Аскар Акаевди бийликтен кетирүү боюнча кол топтоону башташа тургандыктарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG