Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:00

Турсунбек Акундун жакындары ачкачылык жарыялашат


БИШКЕК. Укук коргоочуну издөө үчүн түзүлгөн комитет мүчөлөрү аткаруу бийлигинен Турсунбек Акунду таап берүүнү талап кылышып, эртеңден баштап акчкачылык акциясын башташат. Бул тууралуу бүгүн аталган комитеттин жетекчиси Нурлан Мотуев билдирди.

Анын айтымында адегенде ачкачылык акциясын Турсунбек Акундун жакындары - Болот Айдаров, Нурлан Алымкулов жана өзү башташат, андан соң мындай акцияга укук коргоочунун башка тууган-уруктары, жакын санаалаштары кошулат.

Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундун дайынсыз жоголгонуна 13 күн болду. Анын жакын туугандары жана жактоочулары бир нече күндөн бери Акүйдүн алдында нааразылык акциясына чыгышууда. Мындай акция бүгүн да улантылды. Алар бийликтен Турсунбек Акунду таап берүүнү талап кылышууда.

Турсунбек Акун үстүбүздөгү жылдын биринчи ноябрынан бери Бишкектеги эл көп топтолгон жерлерде мамлекет башчысы Аскар Акаевди кызматтан кетирүүнү каалаган атуулдардын колун топтоп жаткан. 16-ноябрда аны белгисиз бирөөлөр жолугушууга чакырып, ошол бойдон дайынсыз жок. Бийлик өкүлдөрү Турсунбек Акундун жоголушуна эч кандай катышы жок экендигин буга чейин ырасмий түрдө билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG