Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

КЫРГЫЗСТАНДА ДА УКРАИНАДАГЫДАЙ КЫРДААЛ ТҮЗҮЛҮШҮ ЫКТЫМАЛБЫ?


Президенттик шайлоо Украинада саясий кризисти эле эмес, жикчилдикти да пайда кылды. Кыргызстанда да келерки жылы президенттик шайлоо өткөрүлөт. Анын натыйжасында биздин мамлекетте да Украинадагыдай кырдаал түзүлбөйбү? деген суроолор пайда болууда.

Президенттик шайлоодон кийин Украинада жикчилдик пайда болду. Өлкөнүн түштүк-чыгыш облустарынын жетекчилери эгерде Виктор Янукович президент деп табылбаса автономия түзүшөөрүн жарыялашты.

Азыркы президент Леонид Кучма мындай идеяны мыйзамсыздык деп атады. Бирок жергиликтүү бийлик төбөлдөрү башында турган мындай татаал жараянды токтотууга борбордук бийликтин кудурети жетеби? Ал белгисиз.

Украинанын батыш облустары болсо Виктор Ющенкону президентибиз деп жарыялашканы белгилүү. Натыйжада иш жүзүндө өлкө экиге бөлүнүү коркунучуна кабылды.

Кыргызстанда да келерки жылы президенттик шайлоо өткөрүлөт жана ал шайлоонун өтө татаал болоору тууралуу айтылууда. Ошого байланыштуу шайлоонун жыйынтыгында Кыргызстанда Украинадагыдай жикчилдик пайда болбойбу деген кооптонуу жок эмес. Анын үстүнө бизде да түштүк-түндүк маселесин козутуп пайдаланган күчтөр болуп келген жана алар кайрадан чыкпайт деп эч ким кепил боло албайт.

“Акыйкат жана прогресс” партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиевдин пикиринде Кыргызстанда Украинадагыйдай кырдаал кайталанышы ыктымал:

-Андай абал кайталанышы мүмкүн. Себеби Кыргызстандын Украинаныкындай эле жалпы саясий конструкциясы начар. Бекем конструктивдүү системасы жок.

Анын айтымында, батыш өлкөлөрү менен Россиянын Кыргызстанга таасири да Украинадагыдай кырдаалды жаратышы ыктымал.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Айдарбек Керимкулов тескерисинче андай абал бизде болбойт деген пикирде:

-Бизде мындай жагдай болбошу мүмкүн. Себеби бизде улуттук маселе, элдин биримдиги боюнча абдан туура саясат жүргүзүлөт деп терең ишенем.

“Аалам” гезитинин башкы редактору, “Улут Ордо” коомдук уюмдар бирикмесинин лидери Чолпонбек Абыкеев Украинадагыдай кырдаал Кыргызстанда кайталанышы мүмкүн экендигин белгилеп, бирок ага жол бербеш үчүн буларды жасаш керек дейт:

-Бул жерде бийлик тарабынан аткарыла турган бир гана иш бар. Ал - элди шайлоого даярдоо. Бирок ал жакшы аткарылбай жатат. Маселен, “Шайлоо кодекси” ушул кезге чейин басылып чыгарылып, элге таратыла элек. Аны эл окуш керек эле. Конституцияны, мыйзамдуулук дегенди сактоону үйрөтүү керек. Мыйзамга ылайык ким жеңишке жетсе аны Конституциянын негизинде сактап калыш эң башкы талап экенин эл түшүнүш керек.

Ал эми Муратбек Иманалиев Украина вариантына жол бербеш үчүн оппозиция менен бийлик азыртадан баштап "тегерек үстөлгө" отуруш керек дейт:

-Бийлик да, оппозиция да биринчиден кыргыз элинин тагдыры, келечеги жөнүндө ойлонууга тийиш. Ошон үчүн туруктуу иштеген "тегерек үстөл" болуш керек. Анда бир эле маселе - кыргыз мамлекетинин, элинин келечеги кандай болот? - ушуну сүйлөшүү зарыл. Дайыма диалог болууга тийиш. Украинада эмне үчүн ушундай болуп калды? Себеби оппозиция менен бийликтин диалогу болгон эмес.

Ал эми Кыргызстандын ырасмий бийлик органдары ар кандай революциялык аракеттерди чечкиндүү түрдө айыптап келет. Бирок саясий күрөштүн айынан пайда боло турган андай абалды, Муратбек Иманалиев белгилегендей, сүйлөшүү менен чечүүгө даярдык көрүү мамлекет кызыкчылыгында экендигин жергиликтүү талдоочулар да белгилешүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG