Линктер

шейшемби, 24-январь, 2017 Бишкек убактысы 21:28

Далай-Лама Калмакстанга келди


Бүгүн Тибеттик бутпарастардын лидери жана бозгундагы тибет өкмөтүнүн башчысы Далай-Лама Орусиянын Калмакстан жумуриятына келди. Анын иш сапары шаршембиге чейин созулат. Калмакстандын үч жүз миңдей тургундарынын дээрлик жарымы бутпарастар. Далай-Лама 1996-жылдан бери Орусияга келүүгө виза ала албай келген. Кытай Далай-Ламанын Орусияга келүү ниетине каршылыгын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG