Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Ирактын Рамади шаарындагы жарылуудан 12 киши каза тапты


Ирактын батышындагы Рамади шаарында миналанган автоунаа жарылып, андан кеминде 12 киши каза таап, 10 адам жаракат алды. Жарылуу полиция бөлүмүнү жанында болгон. Кырсыкка кабылгандардын көпчүлүгүн маянасын алганы келишкен полиция кызматкерлери түзөт. Жарылуудан жанкечти айдоочу да каза тапты.

Ал эми Багдаддын түштүк тарабында Америка, Британ жана Ирак аскерлеринин биргелешкен операциясы уланууда. Командачылыктын маалыматына караганда анын натыйжасында бир канча козголоңчулар өлтүрүлүп, дагы бир нечеси туткунга алынды.
Абу Мусаб аз-Заркавинин тобу аз күн мурда Мосулда өлтүрүлгөн ирактык 17 жоокердин жоопкерчилигин мойнуна алды.

Акыркы 10 күн ичинде Мосулда элүүдөн ашуун киши өлтүрүлгөн. Алардын көпчүлүгү өлкөнүн убактылуу өкмөтүнүн же ирактык аскерлердин колдоочулары.

XS
SM
MD
LG