Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Алматыда болгон жардыруунун чоо-жайы иликтенүүдө


28-ноябрь күнү кечке жуук Алматыда республикалык “Отан” партиясынын шаардык бөлүмүнүн имаратында эки жолу жардыруу болгон. Андан жолдо бараткан бир киши жеңил жаракат алган.

Алматы полициясынын башчысы, генерал-майор Молдияр Оразалиевдин билдиришинче 200 грамм салмактагы жардыргыч зат менен дүрмөттөлгөн эки жабдык кеңсенин кире беришинде жардырылган.

Жардыруу ээн баштардын иши катары болжолдонуп жатат. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Ал эми “Отан” партиясынын даражалуу мүчөсү Болатхан Тайжан партиянын мындай кара мүртөздүккө бара турган душмандары жок экенин, ошол эле учурда мунун артында экстремисттик күчтөр болушун да четке кагууга болбостугун билдирди.

Казакстандын оппозиялык “Ак жол” партиясынын теңтөрагасы Булат Абилов бүгүн Астанада маалымат жыйынын өткөрүп "Отан" партиясынын кеңсесиндеги жардырууга оппозициялык күчтөрдүн тиешеси жоктугун билдирди.

XS
SM
MD
LG