Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:13

Украинанын Жогорку соту Ющенконун арызын карай баштады


Оппозиция лидери Виктор Ющенконун арызын караган Жогорку сот бүгүн талаш-тартыштуу президенттик шайлоо тууралуу азырынча өкүм чыгарбай турганын билдирди. Бул кадамды премьер-министр Виктор Януковичтин адвокаттарына да оппозициянын арызына карата өз жообун даярдоого мүмкүндүк берүү зарылдыгы менен түшүндүрүлдү.

Оппозициячыл лидер Ющенко президенттик шайлоонун 21-ноябрдагы экинчи айлампасы бурмалоолор менен коштолгонун айтып, кайра шайлоо өткөрүү талабын билдирген.

Украинанын чыгышындагы үч облустун жетекчилери эгерде Ющенко жеңүүчү деп табылса өз аймактарына автономия жарыялайбыз деп сес көрсөтүштү. Өлкөнүн коргоо министри Олександр Кузьмук болсо бүгүн армия ички талаш-тартыштардан оолак болоорун билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG