Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:51

Иран ядролук курал өндүрүүгө жардам болчу иш-аракеттерин толук токтотууга макул болду. Буга караганда АКШнын каршылыгына карабастан, Бириккен Улуттардын ядролук агенттиги келерки жумада Иранды жумшак сындаган резолюция кабыл алат.

Өткөн жумада Эл аралык атомдук энергетика агенттигинин жетекчиси Мухаммад Эл-Барадеи Иранга эч нерсесин жаап-жашырбай толук кызматташуусун талап кылган эле.

Тегеран мындан эки апта мурда Европа Биримдиги менен өзүнүн ядролук программасы боюнча келишимге жетишкен, бирок кийин ирандык делегациянын жетекчиси ал келишим Тегеран уранды байытууну кан буугандай токтотот дегенди билдирбейт деген жарыя жасап, жаңы талашка жем таштаган:

-Уранды байытууну токтотуу мыйзам талап кылган милдеттенме эмес, өз ара ишенимди бекемдөө чарасы болуп калаарын биз баса белгилейбиз, - деп айткан эле өткөн жума күнү кабарчыларга Британия, Германия жана Франция менен сүйлөшүүдөгү Ирандын баш өкүлү Мусавиан.

Арийне, жаңы апта жаңы кабар алып келди. Эл аралык атомдук энергетика агенттигиндеги дипломаттар ушул дүйшөмбүдө агенттиктин башкармалар кеңешине Иран жекшемби күнү кат жолдоп, анда уранды байытуучу 20 центрифуганы иштете берүү талабынан Тегерандын баш тартканы айтылганын кабарлашты.

Вашингтон Ирандын европалыктар менен чын дилинен сүйлөшүп жатканына ишенбей келет. Дипломаттардын айтымында, келерки дүйшөмбү күнү агенттик Иран боюнча резолюция жарыялаганда Тегеранды анча-мынча гана сынга алмакчы.

Ал эми Кошмо Штаттары Иранга керек болсо санкция колдонуш керек деп айтып келатат. "Нью-Йорк Таймстын" ушул дүйшөмбүдө жазышынча, Европа Биримдигинин колдоосуна ээ болгон резолюциянын долбоорунда "Ирандын ядролук программасынын айрыкча маанилүү аспектилерин иликтөөнү улантуу керектиги" айтылмакчы.

Долбоордо ошондой эле агенттиктин мурдагы талаптары боюнча Иран көп ирет өз милдеттенмелерин аткарбаганы менен, 2003-жылдын октябрында Атомдук энергетика агенттиги Иранды жакындан көзөмөлдөй баштагандан тартып, Тегеран "түзөтүүчү чараларды" көргөндүгүн белгилемекчи.
XS
SM
MD
LG