Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:25

АКШдагы ЖАНА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ШАЙЛООЛОР, ДЕПУТАТТЫКТЫН АЧУУ-ТАТТУУСУ, КАРООСУЗ КАЛГАН «УЧКУН»


30-ноябрдагы “Агым” АКШ жана Кыргызстандагы шайлоолор тууралуу журналист Мамат Сабыровдун макаласына орун берсе, ал эми “Аалам” гезити Кыргызстан элдик кыймылы тууралуу ой-пикирлерди жарыялады.

30-ноябрдагы “Агымда” Мамат Сабыров өткөн ишемби күнү АКШ элчилигинин коомчулук менен байланыш боюнча бөлүмү өткөргөн “АКШдагы шайлоолор. Кыргызстандагы шайлоолор” деген дискуссиялык форум тууралуу маалымдап, эки өлкөдөгү шайлоолордун айырмачылыктары жөнүндө кеп кылат.

“Бул өлкөдө бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүнүн мурдатан калыптанып калган, мезгилдин сыноосунан өткөн системасы бар. Шайлоочулар да, оппозиция да ал системанын кынтыксыз иштешине, сот бийлигинин адилеттүүлүгүнө ишенет” деп жазат автор. Мамат Сабыров: “Эң башкысы, бийликтеги президент Конституцияга өзгөртүү киргизип, мөөнөтүн өзү каалагандай узартып алалбайт. Кандай гана акылман президент болбосун үчүнчү же төртүнчү мөөнөткө шайланам деп оолукпайт", деп жазат.

Ушул «Агымга» дагы кандай макалалар жарыяланганы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды айтып берди:

- «Бомбейкат» бетинде окурмандардан келген каттарга баяндамалар, «Агым» гезити 3 жашка чыккандыгына байланыштуу майрамдан репортаж, «Дүйнө - бир бүркүм» кабарлары, өлкөдөгү картошка, буудай, тамак-аштын баасы, быйылкы жыйналган түшүмдү сатуунун көйгөйлөрү тууралуу суроолорго айыл чарба министри Александр Костюк жооп берди.

Ошондой эле шейшембиде жарык көргөн “Аалам” гезитинде Ошто өткөн Кыргызстан элдик кыймылынын курултайы, Ысыккөл облусундагы айрым жер участокторун коңшу өлкөнүн атуулдары сатып алып жатышы тууралуу журналист Дыйканбек Садыковдун макаласы жарык көрдү. «Аалам» гезитинин жаңы санындагы макалалардын мазмуну тууралуу жооптуу катчы Нарынкүл Назаралиева мындай дейт:

- Орусияда соода-сатык кылып жүрүп каза болгон мекендештер тууралуу макала басылды. Ошондой эле Таластагы оорулуу адамдарга кайрымдуулук кылып, 40тан ашык адамды Бишкекке алып келип операция кылдырган ишкер Өмүрбек Бапанов менен маектешүүгө да орун берилди.

29-ноябрдагы “Вечерний Бишкек” Улуттук илимдер академиясынын 50 жылдыгына арналган салтанат, 30- ноябрда Бишкекте башталчу Индонезия киножумалыгы, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияда ачылган тил үйрөнүү борбору тууралуу жазды.

Ушул эле гезитте кабарчы Любовь Борисенконун Бишкектеги “Учкун” кичи райондун көйгөйлөрүн талдоого алган макаласы жарыяланды. Бул аймактагы айрым үйлөргө алигиче жылуулук, ысык суу бериле электиги, таштандылар тоодой үйүлүп, кароосуз калганы баяндалат.

Кыргыз окурмандары үчүн дагы бир “Спикер” аттуу жаңы эркин гезит пайда болуп, алгачкы саны жарык көрдү. “Массалык маалымат каражаттар жөнүндө" мыйзам учур талабына толук жооп бербегени аз келгенсип, аны толук күчүндө иштетүү механизмдери да тактала элек. Натыйжада көптөгөн мыйзам бузууларга жол берилүүдө. Өкүнүчтүүсү - акча кууган басылмалар үчүн чындык экинчи катарда калууда”, деп жазат гезит ээси, журналист жана юрист Жедигер Саалаев.

Ушул эле басылмада Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Акылбек Жапаров менен Токтокан Боромбаева депутаттык милдеттин ачуусу менен таттуусу тууралуу ой бөлүшкөн.

29-ноябрда жарык көргөн “Дил ордосу” жумалыгында дале дайыны белгисиз укук коргоочу Турсунбек Акун, акчасын “Курулуш”, “Меркюри” жана “Инсан” банктарына алдаткан аманатчылар, Токтогул Сатылгановдун 140 жылдык мааракеси тууралуу макалалар басылды. Ошондой эле өлкөнүн жаштар сыйлыгынын ээси, сүрөтчү Майрамкул Асаналиев менен болгон маек да жарык көрдү.”Эли-журтума байланышкан маселелердин баары - менин маселем” дейт Майрамкул мырза.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG