Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

КЫРГЫЗСТАН ДАГЫ СПИДден ЖАПА ЧЕГҮҮДӨ


29-ноябрда Бишкекте Глобалдык фонддун СПИД, кургак учук жана безгек ооруларына каршы күрөш жүргүзүү боюнча берген грантын ишке ашыруу программасынын алкагында беш күндүк семинар башталды. Анын башкы максаты - Глобалдык фонд тарабынан бөлүнгөн каражатка дары-дармектерди сатып алуу жана аларды колдонуудагы жана ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган жана СПИД оорулуу адамдарды дарылоодогу айрым өзгөчөлүктөр тууралуу Кыргызстандын медициналык кызматкерлерине маалымат берүү болуп саналат.

Кыргызстан – СПИД оорусун дарылоо жана алдын алуу боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан сунушталган системанын негизинде улуттук токтомду кабыл алган алгачкы өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Ошондуктан 2003-жылы 1-августта саламаттыкты сактоо минстрлиги менен Глобалдык фонддун ортосунда СПИД, кургак учук жана безгек оорулары менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга 5 млн. АКШ долларын грант катары бөлүү тууралуу атайын программага кол коюшкан.

Аталган программанын уюштуруучусу Талгат Субанбаевдин айтуусунда:

- Жалпы программа беш жылга эсептелинип, берилүүчү грант 17 млн. долларды түзөт. Ал эми 5 млн. доллар эки жылга берилген. Анткени ушул эки жыл ичинде Кыргызстан программаны ийгиликтүү ишке ашыра алса, анда дагы үч жылга узартылат. Программанын негизги максаты - СПИДдин көбөйүүснүн алдын алуу. Анын ичине маңзаттарды ийне аркылуу сайынгандар, секс кызматкерлери жана алардын кардарлары менен иштөө. Ошондой эле жаза өтөөчү жайлардагы ВИЧ-инфекциясын жуктурган жана СПИД оорулуу адамдар жана калктын жакыр жашаган катмары менен иш алып баруу, СПИД оорусунан жабыркагандарга медициналык-социалдык жактан жардам көрсөтүү сыяктуу иш-чаралар кирет.

Буга чейин Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган жана СПИД оорулуу адамдарды дарылоочу каражаттар болгон эмес. Республикалык СПИДке каршы күрөш борборунун жетекчиси Борис Шапиронун айтуусунда Глобалдык фонд тарабынан бөлүнгөн каражат аркылуу декабрь айынын орто ченинен тарта алгачкы дары-дармектер келе баштайт:

-Бул оорунун пайда болгонуна 25 жылдан ашып калды. Бирок ушул убакыттын ичинде бизде ага каршы эч кандай дары-дармек жок болчу. Биз колубуздан келишинче коргонуп эле келдик. Эми деле аны айыктырып жиберүүчү каражат жок, бирок күчтүү таасир берүүчү дарылар табылды. Эми декабрь айынын орто ченинен тарта бизге да антиретро вирустук каражаттар келе баштайт. Жаңы жылдан тарта колдонууга киргизе баштайбыз деп ишенем. Алар өтө кымбат болгонуна карабастан баары бекер болот.

Учурда дүйнөлүк медицинада СПИДди алсыздандыруучу антиретро вирустук каражаттардын 12 түрү бар. Бишкектеги семинардын жүрүшүндө Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери Кыргызстандын медицина кызматкерлерине каражаттар, аларды оорулууларды дарылоодо кантип колдонуу тууралуу тажрыйба бөлүшүшөт.

ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алып, антиретро вирустук каражаттар менен дарыланып жүргөн 26 жаштагы Нурлан Шонкоров учурда өзү “Көз караш” деп аталган бейөкмөт уюмду жетектейт. Анын айтуусунда дарылануудан кийинки абалы бир топ жакшы:

-Антиертро вирустук каражаттардын болгону да абдан жакшы. Алар вирусту биротоло өлтүрбөсө да организмге чоң жардам берет. Мен ал каражаттарды пайдалангандан кийин текшерилсем, менин клеткаларым соо кишиникиндей эле болуп чыкты. Менин организмим дагы ВИЧ-инфекция жуктурбай, соо жүргөн адамдардай эле ар кандай ооруларга каршы туруштук бере алат.

Адистердин билдирүүсү боюнча СПИД оорусу Кыргызстанда 2001-жылдан тарта катуу тарай баштаган. Ошол жылы ырасмий түрдө катталгандардын саны 149ду чапчыган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата берилген маалымат боюнча Кыргызстандагы бул дартты жуктуруп алгандардын саны 610го жетти. Алардын ичинен 27си СПИД менен оорулуу деп саналат.

Бейтаптардын 82% ооруну маңзат сайынуучу ийне аркылуу жуктуруп алышкан. 17% жыныстык катнаш менен, ал эми 1% белгисиз жолдор аркылуу кабылышкан. 2001-жылдан бери СПИДден Кыргызстанда 27 адам каза болгон.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG