Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

ИРАНДЫН ӨЗӨКТҮК ПРОГРАММАЛАРЫ БОЮНЧА ЖАҢЫ РЕЗОЛЮЦИЯ КАБЫЛ АЛЫНДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик 29-ноябрда Ирандын өзөктүк изилдөөлөрү боюнча резолюция кабыл алды жана ага ылайык маселе Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине берилбейт, Иран болсо өзүнүн бардык өзөктүк программаларын токтотот. АКШ дипломаттарынын айтымында, маселе агенттиктин март айында боло турган жыйынында кайра көтөрүлүшү мүмкүн, ага чейин Тегеран менен Европа Биримдиги ортосунда жаңы сүйлөшүүлөр өтөт.

Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин жыйыны Вена шаарында 25-26-ноябрда өткөн, бирок мунаса табылбагандыктан чечим кабыл алынбай калган. Талкуу негизинен төрт маселенин айланасында болгон: Ирандын уран байытуу иштеринин токтотулушу, андай иштердин жүргүзүлбөй жатканын текшерүү боюнча ишенимдүү ыкмаларды табуу, Ирандын өзөктүк ишканаларына агенттик тарабынан текшерүү жүргүзүү жана маселени агенттиктин Башкаруучулар кеңешинин күн тартибинен алып салуу.

Бирок Вена жыйынында 26-ноябрда бешинчи да маселе чыкты. Ага чейин Иран менен Европа Биримдигинин үч мамлекети - Алмания, Улуу Британия жана Франция ортосунда бир нече сүйлөшүү жүргүзүлүп, анын найтыжасында Иран 22-ноябрда өзүнүн өзөктүк программаларын токтоткону тууралуу жарыялаган. Бирок Венадагы жыйында Ирандын өкүлдөрү андай чектөөнү европалыктардан башкача түшүнгөнүн айгинелешти. Алардын айтымында, чектөөнүн илимий изилдөөлөргө тийешеси болбош керек жана кээ бир аскерий эмес максаттагы иштерди Иран уланта бериши мүмкүн. Бирок агенттиктин Башкаруучулар кеңеши ага катуу каршы чыкты, ошондуктан белгиленген мөөнөттө жыйын аяктабай, чечим кабыл алынган жок.

Демалыш күндөрү Вена, Тегеран жана Париж ортосунда көптөгөн сүйлөшүү өткөндөн кийин гана резолюция 29-ноябрда кабыл алынды. Ага ылайык Иран өзүнүн бардык өзөктүк изилдөөлөрүн токтотот, маселе болсо Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине берилбейт. Тегеран дароо аны өзүнүн жеңиши катары жарыялады, Ирандын агенттиктеги өкүлү Хосейн Мусавяндын айтымында, мындай кадамга Тегеран ыктыярдуу түрдө барды:

-Изилдөөлөрдүн токтотулганы ыктыярдуу түрдө жасалганын биз өзгөчө белгилегибиз келет, ага биз тараптар ортосунда ишеним арттыруу максатында бардык, ага эч кандай милдеттүү мыйзамдык негиз болгон эмес. Ал тууралуу резолюцияда ачык жазылган.

Анткен менен АКШ өкмөтүнүн өкүлү Скотт Маклелландын айтымында, Иран мурда дагы өз милдеттемелерин бир топ жолу бузган, ошондуктан эл аралык коомчулук сак болууга тийиш жана резолюциянын так аткарылышына өзгөчө көңүл буруш керек. Андан тышкары, Иран маселесин АКШ качан болбосун өзү Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде көтөрүшү мүмкүн.

Мусавяндын айтымында болсо, Иран өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн канча убакытка токтоткону жөнүндө резолюцияда жазылган эмес, ошондуктан ал тууралуу эми Европа Биримдиги менен боло турган сүйлөшүүлөр учурунда талкуу болот. Эгер Тегеран өзүнүн уран байытуу иштерин токтотсо, ага бир топ соода жеңилдиктери берилет деп мурда өткөн сүйлөшүүлөрдө айтылган. Бирок кээ бир эксперттердин пикиринде, АКШ толук колдобосо, Европа Биримдиги Иранга өтө деле көп андай жеңилдик бере албайт.

Агенттиктин деректири Мохамед Элбарадеи кабыл алынган резолюцияны жетишкендик деп баалады:

-Изилдөөлөрдүн токтотулганы - туура багытта жасалган кадам экени анык. Ирандын программалары тууралуу эл аралык тынчсыздануу андан бир кыйла азаят жана тараптар ортосундагы ишеним артып, кызматташуу күчөйт.

Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Хасан Роухани болсо 30-ноябрда Тегеранда журналисттер менен жолугуп, Ирандын өзөктүк программалары тынчтык гана максатта жүргүзүлүп жатканын Венадагы агенттик тааныды жана Тегеран үчүн бул абдан ири жетишкендик деп билдирди.

XS
SM
MD
LG