Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:45

ТУРСУНБАЙ БАКИР УУЛУ «Т.АКУНДУ КЫРГЫЗСТАНДАН ЭМЕС, ӨЗБЕКСТАНДАН ИЗДӨӨ КЕРЕК» ДЕЙТ


Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Жогорку Кеңешке жана өкмөткө кайрылуу жолдоп, анда өлкөнүн мурдагы элчилеринин парламенттик шайлоого катышуу укугун коргоону сунуш кылды. Ал мындай аракети менен элчилердин конституциялык укугун коргоого алып жаткандыгын билдирди. Андан тышкары укук коргоочу Турсунбек Акундун жоголушу боюнча өз алдынча иликтөө жүргүзүп, окуяга байланышы бар бардык маалыматтарды талдап жаткандыгын жарыя кылды.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Борбордук шайлоо комиссиясынын элчиликтер жайгашкан жер Кыргызстандын аймагы эмес, ошондуктан элчилер парламенттик шайлоого катыша албайт деген түшүндүрмөсү туура эмес деп билдирди. Анын пикири боюнча, комиссия мындай түшүндүрмөсү менен Конституцияны, Шайлоо кодексин бузуп, бардык элчилердин укугун басмырлап жатат. Анткени өкмөттүн элчилик жөнүндөгү 1994-жылдагы токтомуна жана дипломатиялык байланыштар тууралуу 1961-жылы кабыл алган Вена конвенциясына ылайык мурда чет өлкөдө иштеген жана учурда иштеп жаткан элчилер парламенттик шайлоого катышууга укуктуу.

«Борбордук шайлоо комиссиясы бийликтин саясатына башкача көз караштагы экс-элчилердин аракетинен эле чочулап, бардык элчилердин Конституциялык укугун басмырлоого барып жатат»,- деди Акыйкатчы.

Ал парламентке жолдогон кайрылуусунда жобо боюнча так түшүндүрмө берүүнү, ал эми өкмөттөн элчилердин укугун коргоого алууну талап кылды. Эгер кайрылуу канааттандырылбаса элчилердин укугун эл аралык деңгээлде коргоого алаарын айтты:

- Эгерде Жогорку Кеңеш да, өкмөт да жооп бербесе, анда мен бул маселени эл аралык коомчулуктун алдына алып чыгам. Ошол жерде мен Кыргызстанда адам укуктарынын бузулуп жаткандыгын, албетте айтышым керек. Анан эл аралык коомчулук өзүнүн аброю менен Кыргызстанга кысым кылганда биздин чоңдор туура эмес иш кылып жаткандыгын түшүнүшү мүмкүн.

Ал эми Акыйкатчы өзү мурда башында турган «ЭрК» партиясынын шайлоого катышуу өтүнүчүнө азырынча так жооп бере элек. Анткени «ЭрК» партиясынын мүчөлөрү Акыйкатчы институтунун жакшы каржыланбай жаткандыгынан улам анын кайра депутат болуусун өтүнүшкөн:

-Чындыгында алар мен үчүн абдан катуу толкунданып жатышат. Себеби Акыйкатчы кызматына киришкенден кийин мен иштешим үчүн мамлекет каржы жагынан камсыз кылыш керек болчу. Муну мыйзам талап кылат. Бирок андай болгон жок. Ошондуктан алар «Өкмөт Акыйкатчынын ишин колдобосо, ал ишти таштап парламентке кайра кайтып келбейсизби» деп сунуштап жатышат. Быйыл Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары Акыйкатчы сураган каражатты эмдиги жылдын бюджети жөнүндөгү мыйзамга киргизип берели деген токтом кабыл алышты. Өкмөт азыр бул маселени карап жатат. Эгерде ушул каралбаса анда мен тилемчиге окшоп, өкмөттөн бир сом, эки сом бер деп сурап жүрбөй парламенттик шайлоого катышам.

Анткен менен Акыйкатчы бир нече ирет кайра депутат болуп кетем деп шарт коюшуна каржылоо эмес, институтту калыптандыруунун оорлугу аны ушундай ойго түртүп жатат деген атуулдар да жок эмес. Алардын бири - Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акбөкөн Таштанбеков ал тууралуу оюн мындай деп билдирди:

- Ачыгын айтканда Турсунбай Бакир уулу Акыйкатчынын эң негизги иштерин жасаган жок. Ал парламент кабыл алган мыйзамдардын баарын анализден өткөрүшү керек болчу. Бирок тилекке каршы, бир дагы мыйзамды анализдеген жок. Ал башынан эле каражат, кадрларга, журналисттер менен соттошмойго жана башка майда-чүйдө маселелерге көңүл буруп, пресс-конференцияларда болбогон көйгөйлөрдү айтып туруп алды. Менин оюмча, Кыргызстанда алардан олуттуу көйгөйлөр көп да!.

Ал эми 14 күндөн бери дайыны белгисиз болуп жаткан укук коргоочу Турсунбек Акундун дарегин Акыйкатчынын өкүлдөрү өз алдынча иликтөөдө. Акыйкатчы ал иликтөөлөрдүн негизинде Турсунбек Акунду Кыргызстандын аймагынан эле эмес Өзбекстандан да издесе болот деген ойго келип жаткандыгын билдирди:

- Коңшу өлкөнүн атайын кызматтары дайыма биздин саясатчылар менен укук коргоочуларга кызыгат. Ушундан улам мен анализдеп көрсөм эгерде Турсунбек Акундун аялынын жана жакын адамдарынын айткандары ырас болсо, эгерде акыркы телефон чалуу Улуттук коопсуздук кызматынан болуп, жолугабыз деп үйүнөн көчөгө чыгарып кетсе, эгерде Кыргызстандын аймагынан ал ушу күнгө чейин табылбаса, анда менде "биздин атайын кызматтар аны Өзбекстандын атайын кызматтарына берип салдыбы" деген бир ой эле калып атат.

Акыйкатчы бул оюна төмөнкү жагдай негиз берерин билдирди:

- Турсунбек Акун өзүнүн ишмердүүлүгү учурунда Өзбекстандагы режимди көп жолу сындаган. Андан тышкары 1999-жылы талаа командирлери менен жакындашып, сүйлөшүп Өзбекстанга жаман көрүнүп алган. Ошондуктан ага бул өлкөнүн атайын кызматтары кызыгып жүргөн.

Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Чынара Асанова Турсунбек Акундун жоголушуна Улуттук коопсуздук кызматынын эч кандай тийешеси жок деп мурда расмий түрдө кабарлангандыгын жана Акыйкатчынын божомол билдирүүсүнө түшүндүрмө бере албасын билдирди.
XS
SM
MD
LG