Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:00

ДЕМОКРАТИЯНЫН АЙРЫЛЫШ ЖОЛУ


Грузиядагы парламенттик, Украинадагы президенттик шайлоо Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигиндеги өзгөчөлүү саясий окуялардан болду. Бул жерде демократиялык баалуулуктардын туусу көтөрүлүп, бийлик күчүнө таянган башкаруунун эски көнүмүшү четке кагылды.

КМШ өлкөлөрү өзгөчө үмүт арткан Орусиядагы соңку парламенттик шайлоодо бийликтин камчысын чапкан саясий партиянын мөрөйү үстөм чыгып, Мамлекеттик Дума бирөңчөй биримдиктин туусун көтөргөндөрдүн энчисине тийген. Өткөөл мезгилдин демократиясы катары сыпатталган бул көрүнүш тууралуу айтылуу илимпоз Салижан Жигитовдун пикири мындай:

- Ой, бардык эле эски советтик элдердин сандык айырмасы болушу мүмкүн. Бирок сапаттык айырмасы жок. Ошондон мен айтам да - негизи жөнөкөй элге шайлоо укугун бербей деле койсо болот. Ким бийликтин башында турса эле ошону шайлай берет алар. Ал жакшы саясат жүргүзүп атабы же жатпайбы – аны менен иши жок.

Өмгөктүү административдик ресурстун колдоп-таёосу менен Өзбекстанда, Казакстанда президенттердин партиялары эки тизгин бир чылбырга ээ болуп чыга келишти. Түркмөнбашынын айланасына бекем баш кошкон бир боор калкы бийлик маселесин башында эле бирооздон чечип койгон.

Азербайжанда президенттик такты атадан балага өтүп, андай мүмкүнчүлүктөн куржалак калган Казакстан менен Өзбекстан өкүмдарлары ушу тапта өздөрү түзгөн режимдин кийинки тагдырына баш катырып отурушкан кези. Тек, постсоветтик республикаларда ыраатка салынган шайлоо чынжыры өткөн жылдын күзүндө Грузияда «чырт» үзүлүп, өлкө башкаруудан тажабаган Э.Шеварднадзе кызматын таштап кетүүгө мажбур болгон.

Украинадагы президенттик талаш өкүмзор бийлик менен демократ талапкердин ортосунда күчөп, ушу тапта өлкө кооптуу абалда туру. Минтип, Орусия колдоп-таяп келаткан режимдердин бир четтен урай башташы калк арасында кыйла суроолорду жаратты. Анын үстүнө Грузия менен Украина жөрөлгөсүнүн артында лөк мамлекеттердин геосаясий кызыкчылыгы башбактап турганы деле жашыруун эмес. Аны белгилүү коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков мындайча чечмелейт:

- Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШнын глобалдык саясаты болобу, ар бир өлкө менен болгон мамиле-катышында эки элемент бар. Дүйнөлүк масштабда демократиялык баалуулуктар жайылса, ошол келечекте дүйнөлүк туруктуулукка алып келе турган жолдун бири деген бул Батыштын идеалы, идеологиясы деп койсок да болот, принциби.

Постсоветтик өлкөлөрдүн дээрлик баары азырынча баштагы көнүмүштүн күүсүнөн чыга элек. Калк ашкере саясатташканы менен, экономикалык оорчулуктун төөбастысынан чыга албай атканы деле жашыруун эмес. «Жаңы багыт» саясий кыймылынын лидери Муратбек Иманалиев бул өзү убактылуу көрүнүш деген пикирде:

- Инерция – көнүмүш. Бул өзү жөн жоюлбайт экен. Айрыкча жаман, жарамсыз инерция. Советтик доордон болгондон кийин баарыбыз эле тышыбыздан демократ болуп атабыз, бирок ичибизден көбүбүз баягы эле советтик адам бойдон калуудабыз. Бизде көнүмүш күчтүү болуп атат.

Мезгил-шарты келгенде калк өз укугун коргоп, кыйла жыл урагыстай бекем турган режимди күчтөп алмаштырып коёрун Грузия тажрыйбасы көрсөтпөдүбү. Мына, бир апта ашуун убактан бери Украинада калк таламын талашып, оппозиция лидерин колдоо көрсөтүүдө. Белгилүү ишкер Өмүрбек Абдырахманов Орусияын жолоюн жолдогон өлкөлөрдүн баары эртеби-кечпи Украина менен Грузиядагы бийлик алмашуу жөрөлгөсүн башынан өткөрөт деп эсептейт:

- Балтик деңиз боюндагы республикалар «кайнасам каным кошулбайт» деп КМШдан бөлүнүп кетишти. Алардын багыты – Батыштын цивилизациясы. Совет мамлекетинин тушунда Балтик деңиз боюндагы республикалар бизден бир жарым эсе бай жашашса, азыр он эсе бай жашайт. Ал эми КМШда болсо баягы эле эски бийлик системасы калып калган. КПССтин ордунда жаңы президенттик бийлик деген бар. Президенттик бийлик бийликтин кайсы бутагына кошуларын эч ким азыр билбейт. Баарынын башына туруп алган. Мына, оорунун чыккан жери ушул жерде. Коомдун өнүгүү мыйзамдарына туура келбеген мындай бийликтин түбөлүгү болбойт. Ошон үчүн аз-аздан ыдырай баштады.

Грузия менен Украинадагы шайлоолордун жаңырыгы Борбор Азия республикаларына жетеби же бул жерлерде «түшпөс хандардын» бийлиги дагы кыйла жыл улантыла береби – муну мезгил көрсөтөт. Азырынча Кыргызстанда гана бийликтин мыйзамдуу жол менен алмашуусу жайында арбын кеп болууда.
XS
SM
MD
LG