Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

30-ноябрда Бишкекте 14 күндөн бери дайынсыз жок болуп жаткан укук коргоочу Турсунбек Акундун жакындары жана жактоочулары ачкачылык акциясын башташты. Бул тууралуу Турсунбек Акунду издөө жана коргоо комитетинин мүчөлөрү билдиришти. Алардын айтымында, ачкачылык акциясы укук коргоочу табылганга чейин уланмакчы. Ошондой эле укук коргоочунун жакындары Ак үйдүн алдындагы пикетин улантышты.

Эки жумадан бери дайынсыз жок болуп жаткан "Кыргызстан элдик патриоттук кыймылдын" жетекчиси Турсунбек Акундун жактоочулары укук коргоочунун жоголушуна бийлик күнөөлүү деген оюнан кайтпай тургандыктарын дагы бир ирет көрсөтүштү. 30-ноябрдан тарта Турсунбек Акунду издөө жана коргоо комитетинин жетекчиси Нурлан Мотуев, комитеттин мүчөлөрү Болот Айдаров жана Нурлан Алымкулов бийликтен укук коргоочуну таап берүү талабы менен саясий ачкачылык акциясын башташты. Турсунбек Акунду издөө жана коргоо комитетинин жетекчиси Нурлан Мотуевдин айтымында ачкачылык учурда дайынсыз жок болуп жаткан укук коргоочу табылганча улана берет:

-Эки жумадан бери элдик патриоттук кыймылдын жетекчиси жана укук коргоочу Турсунбек Акунду издөөнүн эч кандай жыйынтыгы чыккан жок. Ошондуктан Турсунбек Акунду коргоо комитети 30-ноябрдан тарта саясий ачкачылык баштоону чечтик. Биз бул акция менен эл аралык уюмдардын жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууга аракет кылмакчыбыз. Азырынча үч кишибиз, бирок колдойбуз дегендер көп. Жакында ондогон кишилер кошулуусу мүмкүн. Биз шарт коюп атабыз, бийлик Турсунбек Акунду таап бермейинче бир ай болобу, жарым жыл болобу ачкачылыкты токтотпойбуз,-дейт Нурлан Мотуев.

Ачкачылык жарыялагандардын бири «Ички мигранттардын укугун коргоо» коомдук уюмунун жетекчиси, Турсунбек Акунду издөө жана коргоо комитетинин мүчөсү Нурлан Алымкулов. Анын айтымында бийлик улам бир оппозициялык көз караштагы саясатчыларды жок кыла бериши мүмкүн:

- Бизге Турсунбекти гана таап беришсин. Бул жерде бир саясий оюн болуп атат, анткени алдыда шайлоо келе жатат. Биз авторитардык бийликти каалабайбыз, бизге элдик бийлик керек. Муну алар жакшы билишет. Ошондуктан билип туруп, күч структураларынын жардамы менен басып атышат. Кээде келип коркутуп кетип атышат. Четибизден терип кете беришет, минтип отурсак.

23-ноябрдан бери өкмөт үйүнүн алдында дайынсыз жок болуп жаткан укук коргоочунун жакындары бийликтен Турсунбек Акунду таап берүүсүн талап кылып пикетке чыгып жатышат. Пикет 30-ноябрда да улантылды. Ачкачылык акциясын баштоочулардын бири - Турсунбек Акунду издөө жана коргоо комитетинин мүчөсү Болот Айдаровдун пикири мындай болду:

- Биздин оюбузча Турсунбек Акун бийликтин күнөөсү менен кармалып, бир жерде жатат. Биз күнүгө чыгып атабыз, пикетке. Ал жерде турсак ар кандай адамдар келип шылдыңдап кетип жатышат. Аларды да бийлик атайын жиберип атат. Бир жигит өтүп баратып, «Турсунбек үйүндө эле жатпайбы чай ичип, барбайсыңарбы» деп шылдыңдап кетти.

Белгилүү болгондой буга чейин күч органдары жана аткаруу бийлиги Турсунбек Акундун жоголушуна эч кандай тийешелери жок экендиктери тууралуу бир нече жолу ырасмий билдирүүлөрдү жасашты. ИИМдин маалымат катчысы Жолдошбек Бусурманкуловдун ою боюнча укук коргоочунун жоголушуна бийликти күнөөлөп, саясий акцияларга баруу туура эмес:

-Турсунбек Акунду издөөдө ички иштер органдары колдон келген бардык нерселерди жасап жатат. Биз бул тууралуу күнүгө басма сөзгө, үналгы, сыналгыга айтып атабыз. Булар жөн жерден эле, бирөөнүн башына түшкөн оорчулуктан пайдаланып, өздөрүнө саясий упай топтоо аракетин жасап атышат. Андан көрө комитеттегилер колунда болгон маалыматтарды ички иштер органдары менен бөлүшүп, чогуу-чаран иштеши керек эле. Ачкачылык жарыялап жатып албай, жүгүрүп издеп, иштей турган убагы биздин кызматкерлерге кошулуп.

Элдик-патриоттук кыймылдын жетекчиси жана укук коргоочу Турсунбек Акун ноябрь айынын башынан тарта президент Аскар Акаевге ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп, элден кол чогултуу акциясын жүргүзүп жаткан.

Сүрөттө: Турсунбек Акундун баласы мурдагы пикеттердин биринде.

Фото АКИпресстики.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG