Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Акыйкатчы президентке кайрылуу жолдойт


БИШКЕК. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу 10-декабрда президент Аскар Акаевге Кыргызстанда өлүм жазасына мораторийдин мөөнөтүн узартууну өтүнгөн кайрылуусун жолдойт. Кайрылууда Акыйкатчы өлкөдө соттордун өлүм жазасын берген өкүмдөрдү чыгаруусуна да мораторий жарыялоо жөнүндө өтүнөт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында журналисттерге Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстандын турмөлөрүндө учурда өлүм жазасына тартылган 160 адам жатат. Бир жылдын ичинде өлкөдө 20га жакын адам, жасаган кылмыштары үчүн өлүм жазасына тартылды. Акыйкатчы белгилегендей, өлүм жазасына тартылган адамдардын ичинен ондогондору абактардагы шарттардын өтө начардыгынан жыл сайын каза болушу алардын укуктарынын бузулгандыгы болуп эсептелет. Кыргызстанда өлүм жазасын колдонууга 6 жылдан бери тыюу салынып келет.

XS
SM
MD
LG