Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:07

БШК Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүүнүн планын бекитти


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясы 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн календардык планын бекитти. Ал планда шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү жана аны өткөрүүнүн ар бир күндөгү планы ачык көрсөтүлгөн. Ага ылайык үстүбүздөгү жылдын 14-декабрынан 20-декабрга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча округдук шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлер көрсөтүлүп бекитилет.

Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү жана аларды каттоо 2004-жылдын 10-декабрынан 2005-жылдын 23-январына чейин улантылат. Ал эми шайлоо кампаниясын жүргүзүү 2005-жылдын 2-февралынан 26-февралга чейин өткөрүлөт. Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 2005-жылдын 27-февралында өткөрүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG