Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:49

Нарында нааразылык акция улантылууда


НАРЫН. “Бийлик укук коргоочу Турсунбек Акунду жакшы издеген жок!", "Аскар Акаев, укук коргоочуну таап бериңиз!", "Турсунбектин күнөөсү - миңдеген жакырлар үчүн жанын сабап, Ак үйдөн жапа чекти!" жана башка жазууларды көтөргөндөр пикетке чыгышты. Алардын арасында 29-ноябрь түнү Бишкек шаарынан келген атасы Кыйтыке Мусабеков да болду:

-Айланайын эл-журт, чырактай баламдан ажырап каламбы. Эл үчүн күйүп-бышып кайда гана барбадым. Өзүнөр угуп жүрөсүңөр Чеченстанга үч барды, Ооганстанга бир, Баткенгечи?...-деп элге кайрылып турду Кыйтыке Мусабеков.

Ал эми Турсунбек Акундун карындашы Жамийла Мусабекова:

-Бул абдан кайдыгерчилик. Күн өткөн сайын биздин ичибизден кан өтүп атат, алар болсо, мисалы, Бусурманкулов интервью бериптир, уурдалган деле жок болуш керек деп. Бул эмне деген кайдыгерчилик, кандай негизде айтылып атат. Салижан Жигитов болсо “мен билем, бирок айтпайм” дептир. Жооп берсин ошол сөзүнө. Ал эмне деген сөз. Элди башка бир ойго буруш үчүн сүйлөп аткандар», - дейт Жамийла Мусабекова.

Акталаа районунан келдим деген балалуу апа:

-Мен Акталаа районунда турам. Атым Ташбүбү Искендерова. Бул кишинин жоголушуна себепкер болгон - депутаттар. Талаш-тартыштын кесепетинен чыгып атат. Ага-туугандары ушунтип тургандан кийин бул кишини издесе жакшы болмок. Орган тарабынан катуу киришкен жок, эгерде киришсе табылvак бул киши,– деди Ташбүбү Искендерова.

Пикет эртең мененки саат тогуз жарымдан түшкү он эки жарымга чейин созулду. Ушул эле күнү Нарын шаарынын Көтөрмө чөлкөмүнүн отуздан ашык ардагери чогулуш өткөрүшүп, жалпы кыргыз элине кайрылуу кабыл алышты. Анда дайынсыз болуп жаткан укук коргоочу Турсунбек Акун жетектеген “Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа” кыймылынын бардык акцияларына кошулуу менен Турсунбек Акунду колдоо комитетин түзүү ишин баштайбыз деп айтылган.

"Укук коргоочунун дайыны белгисиз болгону анын жеке керт башына, жакындарына гана терс таасирин тийгизбестен, өлкөбүздүн жалпы атуулдарынын укугу тепселенип, коопсуздугу коркунучта экендиги, тийешелүү кызматтардын алсыздыгы билинди" дешет алар. 28 адамдын колу коюлган бул кайрылуунун бир нускасы депутаттар Азимбек Бекназаровго жана Алевтина Проненкого жолдонду.

XS
SM
MD
LG