Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36

Шайлоодо бармакка белги коюуну караган мыйзам керек


БИШКЕК. Кыргызстанда шайлоолордо бармакка белги коюу боюнча мыйзам Конституциялык соттун чечими менен күчүн жогото турган болсо – бул демократияга каршы келе турган көрүнүш болот. Мындай пикирин бүгүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги кеңсесинин жетекчиси Маркус Мюллер журналисттерге билдирди. ЕККУнун азыркы төрагасынын атайын өкүлү Мартти Ахтисаари да шайлоочулардын бармагына белги коюу алдыдагы парламенттик, президенттик шайлоолордун ачык, акыйкат өтүшүнө өбөлгө болоорун белгиледи.

Буга чейин бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева Конституциялык сотко шайлоочулардын бармагына белги койуу жөнүндөгү мыйзамдын Конституцияга ылайыктуулугун аныктап берүү өтүнүчү менен кайрылган. Токтайым Үмөталиева жетектеген уюм буга чейин аталган мыйзамды жокко чыгаруу боюнча кол топтоо акциясын да баштаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG