Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

Иракта америкалык дагы бир солдаттын өмүрү кыйылды


Ал Багдадга чукул жерде жол көбөөлүнө көмүлгөн бомбадан бүгүн мүрт кетти. Ушуну менен америкалыктар ноябрда 134 жоокерин жоготушту. Байжи шаарында да дүрмөттөлгөн машина жарылып, жергиликтүү тургундардан төрт киши жайран болду, он тогуздай киши жараат алышты. Ирактын убактылуу өкмөт башчысы Ияд Аллави болсо өлкөдө кооп-коогалаң басаңдай баштады деп эсептейт. Фаллужа өкмөттүн колуна өткөн соң террордук кыянаттар кыйла сээлдей түштү, деп айтты ал. Ушул эле күнү Тигр дарыясында адамдарды ташып бараткан сал аласалып кетип, 50дөй адам курман болду.

XS
SM
MD
LG