Линктер

шейшемби, 17-январь, 2017 Бишкек убактысы 17:03

Украинадагы жагдайды немец канцлери менен орус президенти талкуулашты


Герхард Шрөдөр менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, кризистен чыгуу үчүн кайра шайлоо өткөрүү зарыл деген пикирге келишти. Бу тууралуу немец өкмөтүнүн өкүлү Бела Анда кабарлады. Кечээ президент Леонид Кучма да кайта шайлоо өткөрүүнү сунуш кылган эле. Ушундай шартта гана Украинанын территориялык бүтүндүгүн сактап калууга болот. Мунун алдында орус думасынын спикери Борис Грызлов эгер кризисти чечүүнүн жолу табылбаса, кагылыштар тутанып, Украина экиге бөлүнүп кетиши ыктымал деп билдирген эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG