Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

ЕККУ ШАЙЛОО УЧУРУНДА КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШКЫСЫ КЕЛЕТ


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасынын Борбор Азия боюнча өкүлү Марти Ахтисааринин Кыргызстанга сапары аяктады. Ахтисаари Венага кайтаар алдында маалымат жыйынын уюштуруп, анда Украинадагы саясий кырдаалга, Өзбекстанга, Түркмөнстанга жана Казакстанга байланышкан суроолорго жооп берди. Маалымат жыйынында негизги көңүл Кыргызстандагы саясий жана укуктук маселелерге бурулду.

Марти Ахтисаари бул жолку сапарынын учурунда президент Аскар Акаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуулар жабык өттү.

Бирок Ахтисааринин маалымат жыйынында билдиргенине караганда ырасмий жолугушууларда тараптар адам укуктарына, коопсуздукка байланышкан бардык актуалдуу маселелерди талкуулашты. Келерки парламенттик жана президенттик шайлоолорго камылгалар - тараптар өзгөчө көңүл бурган омоктуу маселелердин бири болду:

- Келерки жыл Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү жыл болот. Анткени февралда парламенттик, октябрда президенттик шайлоо өткөнү турат. Ошондуктан ЕККУнун, башка эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын өз ара кызматташтыгы өзгөчө маанилүү. Биз кызматташтыгыбыздан алгылыктуу пайда чыгарышыбыз керек.

ЕККУ төрагасынын өкүлүнүн оюнда Кыргызстанда парламенттик жана президенттик шайлоолор мурдагы шайлоо өнөктүктөрүнөн дурус өтөт. Мындай пикирин добуш берүүдө тунук үкөктөрдү пайдалануу, бармакка белги коюу мыйзамынын кабыл алынышы менен негиздеди:

-Бул өтө жөнөкөй ыкма. Бирок ал экинчи ирет добуш берүүгө аракет жасаган адамды токтото алат. Ошондуктан мен президент ушундай мыйзамга кол койгонуна кубанычтамын.

Ушундай эле пикирин маалымат жыйынында ЕККУнун Бишкек кеңсесинин башчысы Маркус Мюллер да белгилеп, демократиялык шайлоого ишенимин өкмөттүн өзү кызыкдар болуп жатышы менен байланыштырды.

Белгилеп койчу жагы - «Шайлоо кодексиндеги» добуш берүүдө бармакка белги коюуну кепилдеген өзгөртүү президент кол койгондон кийин да талашка түшүп, айрым бейөкмөт уюмдар каршы кол топтоого киришкен. Буга байланыштуу Маркус Мюллер:

- Эгер чын эле кол чогултулуп, президент кол койгонуна карабай бул мыйзам кайра артка кайтарылса ЕККУ эч нерсе кыла албайт. Себеби бул демократиянын эрежелерине кайчы келет, - деди.

Марти Ахтисааринин айтымында, ЕККУ Кыргызстанда шайлоонун акыйкат жана демократиялык принциптердин негизинде өтүшүнө, демек, шайлоонун добуштарды саноого чейинки бардык процесстерине байкоо жүргүзүүгө кызыкдар жана техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр. Ахтисаари Украинанын жоругу кайталанбашы үчүн шайлоону кынтыксыз өткөнү оң дейт:

- Украинанын тажрыйбасы жеке эле Борбор Азия региону үчүн эмес, бардык өлкөлөр үчүн кийин жыйынтыктары талашка түшпөгүдөй, таза шайлоо өткөрүүгө жол ачкан эскертүү болуп калды.

Ахтисаари маалымат жыйынында белгилегенге караганда, Акаев менен жолугушуу учурунда 14 күндөн бери дарексиз болуп жаткан укук коргоочу Турсунбек Акундун тагдырына кызыкты. Мындан тышкары өлүм жазасына мораторийдин мөөнөтүн дагы узартуу маселесин көтөрдү. Анын айтымында, башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда бул өңүттө абал дурус:

- Мен өлүм жазасынын мыйзам чегинде биротоло алынып салынышын жактайм. Бирок ал үчүн убакыт керек экенин түшүнөм.

ЕККУ өкүлү бул жолку сапарында саясий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушкан жок. Былтыркы сапарында «Арнамыс» партиясы баштаган бир катар партиялардын өкүлдөрү менен жолугушкан. Партиянын төрага орун басары Эмил Алиевдин айтымында ошол жолугушууда ал ЕККУнун Кыргызстандагы ишмердигине сын айткан жана ал дагы эле ошол оюнда турат Саясатчынын пикиринде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму ырасмий бийликтин таламын талашкан уюмга айланып калды:

- ЕККУ бийлик менен көбүрөөк кызматташат. Себеби формалдуу уюм болуп калды. ЕККУ эч нерсе кылган жери жок.

Эмил Алиев өзүнү мындай пикирин «Арнамыстын» учурда түрмөдө отурган төрагасы Феликс Куловдун укуктары корголбой жатканы менен байланыштырды.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG