Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

УКРАИН ПАРЛАМЕНТИ ӨКМӨТКӨ ИШЕНИМ КӨРСӨТПӨӨНҮ ЧЕЧТИ


Украин парламенти бүгүн (шаршембиде) премьер-министр жана президенттикке талапкер Виктор Януковичтин өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө тууралуу резолюцияны көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Азырынча бул кадамдын кандай натыйжа берээри бүдөмүк, анткени өкмөттү учурдагы президент Леонид Кучма гана кызматтан кетире алат. Эл аралык арачылар болсо Украинадагы саясий кризисти тынч жол менен чечүүгө огожо болуу максатында Киевде жүрөт. Ордо шаардын борбордук аянттары дагы эле нааразылык иш-аракетин үзгүлтүксүз улантып жаткандардын колунда.

Украинадагы улам курчуган саясий жаңжал, шаршембиде (декабрдын 1инде) Жогорку Рада Виктор Януковичтин өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушту көпчүлүк добуш менен колдогон соң, ого бетер ырбады.

Өлкөнүн Жогорку Радасынын спикери Володимир Литвин резолюция үчүн добуш бергендердин санын жарыялап, депутаттарды мындайча тынчтандырууга аракеттенди:

- Резолюция үчүн 229 депутат макул болду. Тынчтаныңыздар! Көңүл буруңуздар! Отуруңузчу, байболгур!

Литвин мырза жарыялаган бул көрсөткүч зарыл болгон сандан 3 добушка көптүк кылат. Бирок өкмөттү кызматтан кеткен жаткан президент Леонид Кучма гана таркатууга укуктуу. Кучма болсо өзү колдоп келген Януковичти азыркы дүрбөлөңдүү кырдаалда оңой-олтоң кызматтан кетире койчудай эмес. Демек, парламенттин саясий кадамы эмнеге алып келээрин азырынча так айтуу кыйын.

Премьер Виктор Янукович 21-ноябрда өткөөрүлгөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жеңүүчүсү катары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан расмий жарыяланган, бирок анын атаандашы, оппозициячыл лидер Виктор Ющенко жеңиш өзүнө таандык болгонун, бийликтер добуш бурмалоо аркылуу шайлоонун чыныгы жыйынтыгын өзгөртүп салганын айтып чыкты. Анын тарапкерлери күнү бүгүнкүгө чейин нааразылык иш-чараларын улантып жатат.

Ушул тапта эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү Киевде оң жак менен да, сол жак менен да сүйлөшүү жүргүзүп, акыбалды тынч жол менен чечүү аргаларын издешүүдө.

Европа Биримдигинин тышкы саясатын жетектеген Хавиер Солана шаршембиде Киевге келээр замат журналисттер үчүн маалымат жыйынын куруп, мындай деди:

- Мен абдан оптимисттик маанайдамын, мен оптимист болууга тийишмин. Алдыдагы күндөрү ар бир кишинин жакшы ниетине таянуу аркылуу кыйла жылыштарга жетишебиз го деп ишенем.

Европа Биримдигинин өкүлдөрү жана Орусиянын Мамлекеттик думасынын спикери Борис Грызлов Украинадагы тирешкен тараптар менен сүйлөшүүлөрүн улантаары алдын-ала кабардалган.

АКШ президенти Жорж Буш буга чейин да Киевде арачылык кылган украиндерге коңшу Польшанын президенти Александр Квасньевски менен телефон аркылуу баарлашып, Украинадагы жаңжалдын тынч жол менен чечилүүсүнө өз тилектештигин билдирди:

- Биздин жалпы мүдөөбүз – украин элинин каалоосунун жүзөгө ашырылышына күбө болуу.

Айтмакчы, премьер Янукович шейшембиде өз атаандашына кайрылып, эгерде өзү президент болуп калса, анда Ющенкону өкмөт башчылыгына дайындоого убада кылган, бирок Ющенко бул сунушту дароо четке какты:

- Чоң ыракмат, бирок бул сунушту мен кабыл ала албайм.

Саясий тирешүү курчуган маалда Украинанын чыгышындагы үч облустун жетекчилери Янукович жеңилди деп табылса, анда өз аймактарында автономия жарыялашаарын айтып сес көрсөтүшкөн эле. Шейшембиде Донецк облусунун акими Анатолий Близнюк жикчилик маанайдагы сөзүн жумшартты:

- Биз федерациялык мамлекетти, бирдиктүү Украинаны курууну сунуш кылабыз. Бул өлкө буга чейин эле бай жана кубаттуу болуп келген, эми анын бакыбаттыгы артууга тийиш. Болочокто Украинанын Европада жана бүткүл дүйнөдө кадыр баркы артууга тийиш.

Украин бийликтери болсо азыркы саясий кризис өлкөнү каржылык туңгуюкка кептеп салбашы үчүн тийешелүү чараларды көрүүгө далаалаттанууда. Шаршембиде Украинанын Борбордук банкы акчанын накталай жүгүртүлүшүнө көзөмөлдү күчөттү. Бул кадам банк кризисин болтурбоо аргасы катары бааланууда.

XS
SM
MD
LG