Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

Тоңдогу Тогузбулак айылында кыш заводу ишке киришти


КАРАКОЛ. Деңиз деңгээлинен эки миң жүз метр бийиктиктен орун алган тоолуу аймактагы бул кыш заводу ишкер Алдес Мамбеттуровдун демилгеси менен курулду. Заводдон күнүнө 10 миң, ал эми жылына бир миллиондон ашуун бышкан кыш чыгат. Келечекте өндүрүштүн көлөмү дагы кыйла өсүп, жылына эки жарым, үч миллионго чейин бышкан кыш чыгаруу мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү. Бул тууралуу маалымат тараткан райондун акими Нурбек Алиевдин айтымында, аталган заводдун алгачкы кардары, Чолпоната шаарындагы «Рух ордо» маданий комплексинин ээси Ташкул Керексизов болуп калды. Ал Тоң аймагына «Алтын ордо» маданий комплексин курдуруу максатында 150 миң бышкан кыш сатып алды.


Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Султан Раев

XS
SM
MD
LG