Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Жалалабадда милиция кызматкери соттолууда


ЖАЛАЛАБАД. Облустук ички иштер башкармалыгынын «кызмат абалынан ашкере пайдаланган деп айыпталган милиция кызматкерине каршы ачылган кылмыш ишин караган сот процесси 1-декабрда уланды. Бир кыйла тыныгуудан кийин кайра башталган сотто «Хизб-ут-Тахрир» партиясынын жабырланган мүчөлөрү 30-январда намаз окуу маалында башкармалыктын үйгө уруксатсыз кирген адистери желим союл менен уруп, адамдык беделине акарат келтиргендиктерин айтышты. Кылмыш кодексинин 305-беренеси менен айыпталган милициянын майору Айбек Бекматов жана анын бир топ кесиптештери ал көрсөтмөлөрдү четке кагуу менен алты «хизбутчу» атайын буйруктун негизинде экстремисттик иш-чараларын алдын алуу максатында кармалганын билдиришти. Кыргызстандын мыйзамдарын тааныбай. Борбор Азияда ислам халифатын курууга чакырган баракчалар үйүнөн табылган бул адамдар мыйзамга ылайык жооп берүүсү керектиги айтылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG