Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34
БИШКЕК. Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча агенттикте «Жаштар: баңгичилик жана СПИД» деген темада тегерек стол жыйыны өттү. СПИД дартына каршы күрөшүү күнүн арналган бул жыйында кылым дартына каршы күрөшүү маселеси талкууланды. Агенттиктин директору Курманбек Кубатбековдун маалыматы боюнча, азыркы күндө Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган 630 киши катталган. Алардын 83% баңгилер. Тегерек столдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, анда СПИД дартынын жайылышына каршы натыйжалуу күрөшүү боюнча сунуштар белгиленди. СПИД дартына каршы күрөш күнүнө байланыштуу «СПИД» республикалык борборунун башчысы Борис Шапиро да «Кабар» маалымат агенттигинде пресс-конференция өткөрүп, бул социалдык дартка каршы дарыгерлер гана эмес, коомчулук да күрөшүүсү зарыл деп белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG