Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:10
БИШКЕК. Кыргызстан укук коргоо кыймылынын 15 күндөн бери дайыны табылбай жаткан төрагасы Турсунбек Акун бүгүн кечки саат алтыларда табылды. Аны Бишкек шаардык №4 ооруканасынын жанына белгисиз бирөөлөр таштап кетишкендигин «Азаттык» радиосуна оорукананын нөөмөттөгү дарыгери Бактыбек Токторбаев кабарлады. Анын айтымында, укук коргоочу башынын ооруп жаткандыгын билдирип, өзүнүн дарегин «Азаттык» радиосуна кабарлоону өтүнгөн. Турсунбек Акун «Азаттык» радиосунун ооруканага дароо барган кабарчыларына Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү алып кетип, газ менен дем алдырып жер төлөдө кармап жатышкандыгын оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө билдирген. Андан кийин оорукананын эшигин тоскон 10 чакты милиционер кабарчыларды укук коргоочуга жолуктурбай жаткандыгын кабарчыбыз Бакыт Аманбаев ооруканадан билдирди. Ал эми Ички иштер министрлигинин нөөмөттөгү кызматкери Султан Бөрүбаев укук коргочунун табылгандыгы тууралуу кабары жоктугун жана эч кандай маалымат бере албасын билдирди. Улуттук коопсуздук кызматынын атын атагысы келбеген нөөмөтчү кызматкери да Турсунбек Акундун табылгандыгы тууралуу эч кандай маалыматы жоктугун жана ал кабар жалган болушу мүмкүн экендигин билдирди. Ал эми буга чейин Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Азимжан Турагулов Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун укук коргоочу Турсунбек Акунду Өзбекстандын аймагынан издесе болот деген билдирүүсүн жокко чыгарып, Өзбекстандын атайын кызматы башка өлкөлөрдө жашыруун ишмердүүлүк кылбайт деп, «Азаттык» радиосунун өзбек кызматына берген интервьюсунда билдирген эле. Укук коргоочу Турсунбек Акун 16-ноябрдан бери дайынсыз жоголуп, аны издөө жана коргоо комитетинин үч мүчөсү кечээ ачкачылык акциясын баштаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG