Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

АТАЙЫН КОМИССИЯ БУУНУ РЕФОРМАЛООГО 101 КЕҢЕШ БЕРДИ


Жаңыл Жусупжан, Прага Атайын дайындалган комиссия Бириккен Улуттар уюмун кайра куруу боюнча сунуштарын жарыялады. Анын ичинде БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчөлөрдүн санын көбөйтүү, алдын-ала сокку уруудан оболу сөзсүз Коопсуздук Кеңешинин колдоосун алуу сыяктуу маселер бар. БУУнун баш катчысы Кофи Аннандын өтүнүчү менен иштеген комиссиянын отчетунда жакырчылык, ар кандай жугуштуу оорулар, терроризм же согуштук кагышуулар сыяктуу эле дестабилдештирүү күчүнө ээ экендиги айтылат.

16 кишиден турган БУУнун комиссиясы Кошмо Штаттары Иракка басып киргенден кийин негизделген эле. Анын отчету быйыл түзүлгөнүнө 60 жыл толуп жаткан Бириккен Улуттар уюмун кеңири реформа жүргүзүүгө чакырат.

95 барактан турган документ шейшемби күнү жарыяланды жана анда жаңы коркунучтар менен күрөш боюнча 101 кеп-кеңеш камтылган. Эң бир орчундуусу отчетто эгер түздөн-түз коркунуч болбосо, алдын-ала сокку уруудан мурда, ар бир мүчө-мамлекет Коопсуздук Кеңешинин макулдугун алышы керек экендиги баса белгиленген.

БУУнун маалымат катчысы Фред Экхард кабарчыларга баш катчы Кофи Аннан кызмат мөөнөтү бүткөнгө чейин отчеттун кеп-кеңештерин жүзөгө ашырууга артыкчылык берээрин билдирди:

- Ушул аптада жарыяланган комиссиянын отчету Aннандын уюмду кайра куруу аракеттеринин негизги маселесине айланды. Мандатынын калган эки жылында ал бул кеп-кеңештерди колунан келишинче ишке ашырууга аракет кылат.

Комиссия бардар турмуш кайсы да болсо коркунучту жеңүүгө негиз болоорун белгилөө менен ВИЧ/СПИД илдетине каршы күрөшүүгө жылына 10 миллиард доллар сарптоо жана өнүгүп келаткан өлкөлөрдө жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүүгө багышталган дүйнөлүк соода сүйлөшүүсүн 2006-жылдан калтырбай бүтүрүүгө кеңеш берет.

Отчетто ошондой эле Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнүн санын азыркы 15тен 24кө көбөйтүү сунуш этилет. Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешин реформалоо боюнча мурдагы кеңешчи, Колумбия университетинин профессору Едвард Лак бул Кеңештин ишине кедерин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт:

- Ири мамлекеттердин ортосунда мунасага жетүү керек болуп турганда, 24 өлкө менен тил табышып отура албайсың. Айрым учурларда кошумча мүчөлөр уюмдун абийири катары кызмат өтөп, туруктуу мүчөлөр козгогусу келбеген маселелерди көтөрүшү мүмкүн. Бирок саны көбөйгөн сайын Кеңеште аларды четке сүрүп салган мамиледеги өлкөлөрдүн да катары көбөйөт.

Мамлекет куруу боюнча эксперт, Эл аралык Тынчтык академиясынын вице-президенти Элизабес Консенс эмки сөз мүчө-мамлекеттерде дейт:

- Бул Бириккен Улуттар уюму үчүн да, бүт мүчөлөр үчүн да маанилүү көз ирмем. Алар эми канчалык чечкиндүү жана жоопкерчиликтүү экендигин көргөзө алышат.

Отчеттун авторлорунун арасында АКШнын мурдагы улуттук коопсуздук кеңешчиси Брент Скоукрофт, Орусиянын мурдагы өкмөт башчысы Евгений Примаков, Араб Лигасынын башчысы Амр Муса, Кытайдын мурдагы тышкы иштер министри Киан Кичен жана Дүйнөлүк Саламаттык уюмунун мурдагы жетекчиси Гро Харлем Брундтланд да бар.

XS
SM
MD
LG