Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Далай Ламанын Россияга жасаган визити аяктады


МОСКВА. Далай Ламанын Россияга жасаган үч күндүк визити аяктады. Бул анын Россияга акыркы 8 жылдан бери биринчи ирет келиши болду. Тибет буддисттеринин диний жетекчиси Индияга кайтаардын алдында Калмакстанда, Элистадагы храмда болуп, диний жөрөлгөгө катышты.
Тибетти 1951-жылы басып алган Кытай Далай Ламаны Тибеттеги козголоңчуларды козутуп жатат, деп айыптап, анын Россияга жана анын курамындагы Калмакстанга баруусуна каршылык кылып келген. Россиянын тышкы иштер министрлиги Далай Лама регионго диний максат менен гана келгенине жана ал расмий өкүлдөр менен жолугушпай турганына ишендирген. Россия Далай Ламанын өлкөгө кирүү визасын берүү өтүнүчүн үч жолу четке каккан. Калмакстанда бир миллиондон ашык буддист жашайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG