Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:49

Америка Кошмо Штаттары Иран өзүнүн ядролук программасын токтотуусу керек деп билдирди


ОТТАВА. АКШнын президенти Жорж Буш Иран өзүнүн ядролук программасын токтотуусу керек деп билдирди. Канадага визит менен барган президент Буш:
- Германия, Франция жана Британия Иранды уранды байытуу иштерин токтотууга көндүрүү үчүн кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн эстегилечи. Биз Ирандын ядролук програмасынын токтотулуусун каалайбыз, - деп айтты.
Дүйшөмбү күнү Улуттар уюмунун Атомдук Энергия Агенттиги Ирандын уранды байытуу аракеттерин токтотуу тууралуу чечимин кубаттады. МАГАТЭнин мындай чечими бул маселенин Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине жеткирилбей чечилүүсүнө жол ачты. Бирок кечээ Ирандын атомдук энергетика маселелери боюнча жооптуу өкүлү Хассан Ровхани ядролук программасынан эч качан толук баш тартпасын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG