Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

СПИД оорусу Россиянын бардык региондорунда катталды


Москва. Россиянын саламаттык сактоо тармагынын өкүлү Геннадий Онишенконун маалыматына караганда, СПИД оорусу өлкөнүн бардык региондорунда катталды. Алардын көбү 15- жаштан 29 жашка чейинки адамдар. Ал эми Беларусь өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, өлкөдө оорунун вирусун жугузган 6 миңдей киши катталган. Грузия болсо оорудан 100гө чамалуу киши каза болгонун, азыр каттоодо оорунун вирусун жугузуп алган 614 киши турганын маалымдайт. Ал эми Казакстандын жетекчилиги өлкөдө 4 жарым миң киши вирус менен катталганын билдирди. Кыргызстандын саламатык министрлигинин маалыматына караганда, республикада оорунун вирусу менен 630 киши катталды. Бирок эскперттер ооруну жугузуп алгандардын саны кеминде 10 эсеге көп экенин божомолдошот.

XS
SM
MD
LG