Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:39

9-январда Донецк областында автономия маселеси боюнча референдум өткөрүлмөкчү


ДОНЕЦК. Украинанын Донецк облкеңешинин төрагасы Борис Колесников регионго чектелүү автономия берүү маселеси боюнча референдум 9-январда өткөрүлө турганын билдирди.
- Регионалдык кеңеш референдумду 9-январда өткөрүүнү чечти. Донецк областына Украинанын курамында автономия статусун берүү сунушун 150 депутаттын 139 колдоп чыкты, - деди Колесников. Ошону менен бирге эле ал мындай аракеттерди сепаратизм катары кабылдабоо керек деп кошумчалады. Донецк регионунун акими Анатолий Близнюк регион толук автономия алууну максат кылбаганын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG