Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:15

Киевде президент Леонид Кучма менен эл аралык ортомчулардын сүйлөшүүлөрү жүрүүдө


КИЕВ. Украинанын баш калаасында президент Леонид Кучма менен эл аралык ортомчулардын сүйлөшүүлөрү өтүп жатат. Өлкөдөгү саясий кризисти жөнгө салуу сүйлөшүүлөрүнө Польшанын, Литванын президенттери Александр Квасневский менен Валдас Адамкус, Еврошаркеттин өкүлү Хавьер Солана жана ОБСЕнин баш катчысы Ян Кубиш катышууда. Кийинчэрээк аларга Россия менен Украинанын парламент спикерлери Борис Грызлов менен Володымыр Лытвын жана президенттикке талапкерлер Виктор Юшенко менен Виктор Янукович кошулушат. Бүгүн Янукович жогорку сотко кайрылып, добуш берүү учурунда орун алган көптөгөн мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоону жараксыз деп жарыялоосун өтүндү.

XS
SM
MD
LG