Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:42

БЕКНАЗАР ЫРЧЫ


Султан Абдырахманов, Бишкек Кыргыз өнөр инсандарынын арасында аты даңаза болгон ырчы Бекназар болгону менен анын көпчүлүк айткандары тек гана эл арасына сиңип, башкаларга да энчиленип кеткендей. Он тогузунчу кылымдын аяк ченинде, тагыраак айтканда 1860-жылдардын оро-парасында жарык дүйнөгө келип 12 жашынан баштап эл аралап ырдай баштаган.

Жалпы кыргызга таанымал төкмө акын Барпы Алыкуловдун айткан маалыматы боюнча Бекназар ырчы анын жападан жалгыз пир туткан устаты болгон. Бекназар өзү эч кимден үйрөнгөн эмес дейт. Бала күнүнөн сабатсыздыгын жоюп, тестиер курагынан элге ырдап кандан-бектен кайра тартпагандыгы үчүн калың эл жакшы көрүп, көпчүлүк ырчылар жалтайлап тургандыгы жомоктолуп айтылганы менен нускалуу мурастарынын көп сакталбай калышына кызыккан илимпоздор анын киндик каны тамган айылы Совет мезгилинде Өзбекстандын курамына кирип калганы, Курманжан датканын уулдарына каяша кылып, энесин маскаралап ырдаганы жана Молдо атыгып мусулманчылык жолунда илимдүү адам болгондугу кедерги болгон деген божомолду айтышат. Бекназар ырчы тууралуу Кыргыз улуттук илимдер академиясынын ага илимий кызматкери Омор Сооронов:

- Азыркы кол жазмалар фондусунда Туран ырчы, Барпы, Найманбай менен айтышы гана калган. Жалпысынан Жалалабаддын тегерегинде өзүнчө ырчылардын Бекназар тибиндеги ырчы чыккан учуру болгон экен. Мунун өмүр жолу да такталган эмес. Жалпы ырчылардан салыштырып алганда, эл оозунда, жазмаларда да Бекназар өтө чоң ырчы экени белгиленип жүрөт.

Бекназар ырчынын айтыштарынын арасынан өтө салмактуусу кадимки Балык манасчынын уулу Найманбай менен айтышы. Оң менен солго төп айткан ырчынын айтышкан учурун Каюм Мифтаковдун 1922-жылы 12-июлда Теңиртоолук Алтай Айдаркулов жазып алган маалыматы боюнча 1900-жылы Тогузтородогу чоң манаптын ашында болгон деп белгиленет. Төкмө акын Калык Акиевдин 1946-жылы жазып калтырган мурасы боюнча ушул айтыш кадимки Тайлак баатырдын уулу Осмондун ашындагы беттешүү деп белгиленет. Мына ошол беттешүүдө Найманбай алгач сөз баштап, түндүк-түштүктү ажыратып кордоп ырдаганда:

- Кой Найманбай акыным,
Сенин оодарылган акылың,
Оң менен солдун ичинде,
Жок беле Осмондон башка жакының?
Кошомат кылып Найманбай
Кошо макта катынын,
Осмондон башка бир манап,
Оболтон жокпу сыртыңда,
Жакшың жокпу Найманбай,
Жаамаркалык журтуңда?

Себеби Найманбай Осмонду гана мактай бериптир. Бекназар сен жактагы кыйының ким дей турган болсоң деп туруп Алымбек датканы, Койчу датканы, 1873-76-жылкы түштүктөгү болгон көтөрүлүштүн баштоочусу Мамыр Мерген уулун айтат. Калык өзү катышкан окшойт, өтө тактап, тереңдеп, көпкө узак айткан мында. 1946-жылы 19-сентябрда айтышты өткөргөн. Мына ошол айтыштын аягы минтип бүткөн:

Айбандын түбү ат болот,
Тайгандын зили ит болот,
Ырдын арты Найманбай,
Ушуну менен бүт болот.
Жаман сөздү бүт айттың.
Анжияндык, аркалык,
Элдин көөнү зык болот.
Айбан акмак отту жейт.
Тайган акмак бокту жейт,
Көчмөндү кыргыз калың журт,
Найманбай сенин оозуңда,
Маанилүү кептен жокпу дейт?
Деген суроо менен бүтүргөн экен. Найманбай сөз таппай калган дейт. Калыктын жазганы боюнча ошол жерден эл дуулдап, Бекназар жеңди деп жиберген
- деди Омор Сооронов.

Бекназар ырчынын айтыштарынан сырткары шакирти Барпы Алыкуловдун айтуусунда бир топ санаттары сакталып калган. Ошол санатынын бир үзүмүн тыңшап көрөлү:

- Тоолордун бели сеңирдир,
Кайырды колдон мол кылсаң
Сооптук ишти чоң кылсаң
Күнөөң анда жеңилдир.
Ыймандар ырыс кылыптыр,
Жамандык менен жакшылык
Пешенеде туруптур.
Муну айтуучу Барпы акын, жазуучу К.Акылбеков дейт. 1940-жылы 2-августта Жалалабад шаарында жазып алган,
- деди Кыргыз улуттук илимдер академиясынын ага илимий кызматкери Омор Сооронов.

Бүгүнкү Өзбекстандын Коргонтөбө районуна караштуу Эш кыштагында төрөлгөн Бекназар ырчы кыргыздын кыпчак уруусунун жаманак уругунан болот. 1915-жылдарда көзү өткөн деген болжолдуу маалымат бар.
XS
SM
MD
LG