Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

КЫРГЫЗСТАНДА СПИД ИЛДЕТИ КӨБӨЙҮҮДӨ


Акыркы төрт жылдан бери Кыргызстанда СПИД оорусунан 27 адам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн маалымат жыйынында айтылды. Анда айтылгандай, учурда ВИЧ инфекциясынан жабыркагандардын 82% баңгилер. Ошондой эле ВИЧ инфекциясы менен тубаса төрөлгөн балдардын саны да көбөйүп баратат.

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган адам эң биринчи жолу 1996-жылы катталган. Бүгүнкү күндө эң акыркы маалыматтар боюнча ВИЧ инфекциясынан жабыркагандардын саны расмий түрдө 630га жетти. Бирок бей өкмөт уюмдар так маалымат мындан 10 эсе көп көрсөткүчтү көргөзөөрүн айтып келишет. Республикалык СПИД бирикмесинин жетекчиси Борис Шапиронун айтуусунда, ВИЧ инфекциясына тушуккандар Ош облусунун Карасуу, Чүй облусунун Ысык ата райондорунда көп кездешүүдө.

- Баягыдай эле алдыңкы орунда түштүк тарап. Анын ичинде Ош шаары менен Карасуу району. Бул жакта абал оор. Ал эми түндүктө Бишкек менен Чүй облусунда жылдан-жылга көбөйүп баратат. Азыр Чүйдөн катталган ВИЧ инфекциясын жуктургандардын саны 97 ге жетти. Булардын 47си Ысык ата районунда катталды, - дейт Борис Шапиро.

ВИЧ инфекциясынан жабыркагандардын 82% баңгилер. СПИДге каршы иш алып баруучу уюмдардын изилдөөлөрү боюнча, бул коркунучтуу дартты таратуучулардын экинчи сабында секс «кызматкерлери» турат. Ошондуктан кийинки убакта ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандардын арасында аялдар да көп болууда. Республикалык тери жана венерологиялык оорулар диспансеринин башкы дарыгери Жамал Нургазиеванын айтымында кыз-келиндердин ВИЧ инфекцияны жуктуруу коркунучу көбүрөөк:

- Анткени кыз-келиндердин арасында секс «кызматкерлери» көп, Ошондуктан алар түрдүү венерологиялык оорулар менен бирге эле ВИЧ инфекциясын да жуктуруу жана таратууда алдыңкы орундарда болуп атышат.

СПИДге каршы күрөш жүргүзүү иш-чаралары буга чейин бекер презервативдерди, медициналык ийнелерди бекер таратуу жана эл арасында СПИД тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен алып барылган. Коомчулукта мындай ыкма СПИДдин өнүгүшүн токтото албайт деген ойлор да жок эмес. «Акыл-эс, рух жана ыйман» коомунун президенти Дүйшөн ажы Абдылдаевдин айтымында:

- Минтип презервативдерди жана медициналык ийнелерди бекер таратуунун жаштарыбызды жаман жолго кызыктыруудан башка эч бир жакшы жагы жок. Алар колуна бекер тийип калган нерсени сөзсүз пайдаланып көргүлөрү келет да, анан жаман иштерди жасашат. Анын натыйжасында СПИД оорусу, башка жаман оорулар жана аборт сыяктуу нерселер болот.

Ал эми республикалык наркология борборунун жетекчиси Тынчтык Асанов бул ойду четке какты:

- Биздин баңгизатты кан тамырына саюу менен пайда болгон оорулардын арасында зыянды төмөндөтүү деген аракетти киргизгенибизден кийин, ВИЧ инфекциянын өсүшү кыйла токтоп калды. Мисалы, салыштырып көрсөк, ага чейинки эки жылда 16 эсеге көбөйгөн болсо, кийинки эки жылда 3,5 эсеге өстү. ВИЧ инфекциясын азайтуу боюнча биз көрүп жаткан чаралар жакшы таасирин берүүдө.

Ушундай эле пикирди ВИЧ ифекциясына тушуккандардын бири, «Көз караш» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Нурлан Шонкоров да билдирди:

- Бул компоненттердин пайдасынан башка зыяны жок. Анткени Европадагы жана башка СПИД дин өсүшүн токтоткон өлкөлөрдүн баарында ишти ушундан, медициналык ийнелерди жана башкаларды таратуудан башташкан. Бул дагы СПИДге каршы курал болуп саналат.

Учурда Кыргызстанда тубаса СПИД илдети менен төрөлгөн балдардын саны да көбөйүп баратат. Акыркы эки жылдын ичинде ВИЧ инфекциясын жуктурган 11 кош бойлуу аял катталып, учурда алардын тогузу төрөгөн.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG