Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

Украинадагы президенттик шайлоо чатагы боюнча мунаса табыла элек


Украина оппозициясы тарабынан президенттикке көрсөтүлгөн Виктор Ющенконун айтымында, президенттик шайлоону толугу менен эмес, анын экинчи айлампасын гана кайра өткөрүү зарыл. Бирок ага учурдагы президент Леонид Кучма каршы, анын айтымында, тараптар кечээ күнү жолукканда, такыр башка келишим жетишилген жана эгер экинчи айлампанын жыйынтыктары жараксыз деп табылса, бүткүл шайлоону кайра өткөрүш керек. Өлкө парламенти кечээ күнү өкмөткө ишеним көрстөтпөө чечимине келди, премьер-министр Виктор Янукович ага каршы чыкты жана премьердик кызматын улантууда. Президент Кучма болсо, конституцияга жараша гана аракеттене турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG