Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:01

3-декабрга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында 3-декабрда күндүз республиканын айрым жерлерине кар жаайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл алкагында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
ЧҮЙДӨ түнкүсүн 0…-4 градус суук, күндүз +3…+8 градус жылуу.
ТАЛАС аймагында түнкүсүн -1 градустан -6 градуска чейин суук болот. Күндүз +2…+7 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД чөлкөмдөрүндө түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска жылуу, күндүз +3…+8 градустун айланасында жылуу болушу күтүлөт.
Ал эми КӨЛ кылаасында абанын түнкү температурасы 0…-5 градус суук болсо, күндүз +2…+7 градус жылуу болот.
Тоолуу НАРЫН облусунда түнкүсүн -6…-11 градус суук, күндүз 0…+5 градус жылуу.
Ордо калаа БИШКЕКТЕ түнкүсүн -1…-3 градус суук, күндүз ала булут каптап, абанын жылуулугу +5…+7 градусту түзөт.


Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Алина Кангелдиева тааныштырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG